«КР АВТОРДУК УКУК ЖАНА ЧЕКТЕШ УКУКТАР ЖӨНҮНДӨ» МЫЙЗАМЫНА ӨЗГӨРТҮҮЛӨРДҮ ЖАНА ТОЛУКТООЛОРДУ КИРГИЗҮҮ ЖӨНҮНДӨ» КР МЫЙЗАМЫНА КОЛ КОЮЛДУ
Жарыяланган күнү :
06/07/2011 Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаева 2011-жылдын 27-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» КР мыйзамына кол койду.
Бул мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин алты айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
