• Кыргызча
  • Русский
Кайра байланышуу
Жарыяланган күнү : 
22/06/2011

Кыргызпатенттин дарегине 14-16 июнда Бишкекте өткөн ИМБДУнун өнүгүү тармагындагы күн тартиби боюнча аймактык семинардын катышуучуларынан көптөгөн алкыш каттары келип түшүүдө.

Ал каттарда иш-чаранын жогорку деңгээлде уюштурулушу, кабыл алуучу тараптын меймандостугу жана Кыргызстандын сулуулугу белгиленет. “Бизге сиздердин ведомствонун ишмердиги жана иштин уюштурулушу чоң таасир этти, биз урматтуу директор А. Калмаматовдун жана анын квалификациялуу жана жигердүү кызматкерлеринен турган бүткүл командасынын жумшаган аракеттерин эске алуу менен сиздердин өлкөдөгү ИМдин келечегине шыктануу менен кароодобуз” – деп жазылган ИМБДУнун өнүгүү тармагындагы күн тартибин координациялоо бөлүмүнүн кеңешчиси Усман Саркинин катында.

Ошондой эле алкыш каттары ИМБДУнун өнүгүү тармагындагы күн тартибин координациялоо бөлүмүнүн директорунун милдетин аткаруучу Ирфан Балочтон, Борбордук Ланкашир университетинин (UCLAN) юридикалык факультетинин эл аралык соода укугу боюнча лектору доктор Мохаммед Аль-Саидден, Түркиянын патенттик институтунун эл аралык байланыштар башкармалыгынын кызматкери Исмаил Гүмүштөн жана Беларустун Интеллектуалдык менчиктин улуттук борборунун укук жана эл аралык келишимдер бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Сергей Шебекодон келип түшкөн.