• Кыргызча
  • Русский
“Кыргызстанда интеллектуалдык менчиктин азыркы абалы жана аны өнүктүрүүнүн келечеги” деген темада пресс-конференция
Жарыяланган күнү : 
16/06/2011

Бүгүн, 2011-жылдын 16-июнунда «Акипресс» маалымат агенттигинин пресс-борборунда “Кыргызстанда интеллектуалдык менчиктин азыркы абалы жана аны өнүктүрүүнүн келечеги” деген темада пресс-конференция болуп өттү.

Пресс-конференцияга Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын башчысы Ажибай Калмаматов, ИМ боюнча европанын эксперти Рон Марчант, өнүктүрүү жаатындагы күн тартибин координациялоо боюнча бөлүмдүн директорунун милдетин аткаруучу Ирфан Балоч, ИМБДУнун Кавказ, Борбордук Азия жана Чыгыш Европа өлкөлөрү боюнча секциясынын жетекчиси Александр Матвеев жана Өнүктүрүү жаатындагы күн тартибин координациялоо боюнча бөлүмдүн кеңешчиси Усман Сарки катышышты.

Пресс-конференциянын алкагында ИМБДУнун делегациясы жана Кыргызпатенттин жетекчилиги 2011-жылдын 14-июнунан 16-июнуна чейин Бишкекте өткөн ИМдин эл аралык системасын өнүктүрүү боюнча глобалдык форумдун жыйынтыктары жөнүндө айтып беришти.

Семинардын ишине КМШ, Азия жана Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнүн өкүлдөрү жана патенттик ведомстволорунун жетекчилери, ошондой эле эл аралык консультанттар жана ИМБДУнун эксперттери катышышты. Иш-чара төмөнкүдөй маселелердин кеңири чөйрөсүн камтыды: билимдерге негизденген глобалдуу экономиканы өнүктүрүү, интеллектуалдык менчик жаатындагы саясат менен атаандаштык жаатындагы саясаттын ортосундагы өз-ара аракеттери, технологиялардын эл аралык трансфери, интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо, жалпы мүлктү сактоо жана башкалар.

Аймактык семинардын жыйынтыктары жана натыйжалары жөнүндө айтып берүү менен, Ирфан Балоч форумдун ишинин жүрүшүндө бир нече сунуштар кабыл алынгандыгын, алар өнүктүрүү жаатындагы ИМБДУнун күн тартиби боюнча комиссиянын кийинки отурумдарында эске алына тургандыгын белгиледи. Мындай сунуштардын ичинде аймактын башка өлкөлөрүндө улуттук стратегияны иштеп чыгууга жардам берүү жана технологияларды жана инновацияларды колдоо боюнча борборлорду ачуу жана башкалар бар.

Александр Матвеев Кыргызпатент ИМ жана чыгармачылык ишмердүүлүк ченемдери жөнүндө билимдерди пропагандалоо маселелеринде алдыга озуп чыккандыгын белгиледи жана ИМБДУ менен ИМ кызматынын ортосундагы өз ара аракеттенүү ишенимге жана өз ара түшүнүшүүгө негизденгендигин айтты.