2011-жылдын 15-июнунда «Жаннат» мейманканасынын конференц-залында Кыргызпатент менен ИМБДУ биргеликте уюштурган Өнүктүрүү жаатындагы Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) күн тартиби боюнча аймактык семинар өз ишин улантты.
Семинардын экинчи күнү катышуучулар өнүктүрүү жаатындагы ИМБДУнун күн тартибин ишке ашыруу боюнча негизги жетишкендиктер жана ИМ жаатындагы улуттук стратегиянын үстүндө иштөө, ошондой эле өнүктүрүү жаатындагы ИМБДУнун күн тартибин ишке ашыруудан келип чыгуучу пайда сыяктуу темаларды талкуулашты.
ИМ системасын пайдаланууну жакшыртуу боюнча жана ИМБДУнун жетекчилигин колдоочу долбоорлор жөнүндө баяндамалар менен өнүктүрүү жаатындагы күн тартибин координациялоо боюнча бөлүмдүн директорунун милдетин аткаруучу Ирфан Балоч чыгып сүйлөдү. Техникалык жардам долбоорлору жөнүндө өнүктүрүү жаатындагы күн тартибин координациялоо боюнча бөлүмдүн кеңешчиси Усман Сарки айтып берди.
ИМ боюнча Европа эксперти Рон Марчант ИМ боюнча улуттук стратегиялардын негизги элементтери жөнүндө айтып берди. ИМБДУнун Кавказ, Борбордук Азия жана Чыгыш Европа өлкөлөрү боюнча секциясынын жетекчиси Александр Матвеев өткөөл экономикадагы өлкөлөрдө ИМ боюнча стратегиялар үчүн ИМБДУ кайсы куралдарды колдоно тургандыгы жөнүндө билдирүү жасады. Эксперттердин чыгып сүйлөгөн сөздөрү кызуу талаш-тартышты жаратты, алардын жыйынтыктары боюнча семинардын катышуучулары өнүктүрүү жаатындагы күн тартиби боюнча ИМБДУнун сунуштарын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн баарлашуу жана кызматташуу зарыл деген жыйынтыкка келишти.
Күндүн экинчи жарымы өнүктүрүү жаатындагы ИМБДУнун күн тартибин ишке ашыруудан келип чыгуучу пайда маселелери боюнча талкууга арналды. Борбордук Ланкашир Университетинин (UCLAN) юридикалык факультетинин эл аралык соода укугу боюнча дарсчысы д-р Мохаммед Эль-Саид жана Рон Марчант катышуучуларга ушул темада өздөрүнүн баяндамаларын сунушташты, тактап айтканда алар ИМ системасында ийкемдүүлүктү пайдалануу жана экономикалык өсүүгө өбөлгө түзүү жөнүндө сөз кылышты.
Семинардын катышуучулары Кыргызпатентин жамаатын Кыргызстанда ИМ системасынын негизделген күнүнүн 18 жылдыгы менен куттукташты.
Эртең, 16-июнда семинар өз ишин улантат.




