• English
  • Кыргызча
  • Русский
Өнүктүрүү жаатындагы ИМБДУнун күн тартиби боюнча аймактык семинар өз ишин аяктады
Жарыяланган күнү : 
16/06/2011

2011-жылдын 16-июнунда «Жаннат» мейманканасынын конференц-залында Кыргызпатент менен ИМБДУ биргеликте уюштурган Өнүктүрүү жаатындагы Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) күн тартиби боюнча аймактык семинар өз ишин аяктады.

Семинардын үчүнчү күнү толугу менен ИМ жаатында өнүктүрүү стратегиясынын үстүндө иштөөдөгү ар түрдүү өлкөлөрдүн улуттук тажрыйбаларына арналды.

Стратегиянын үстүндө иштөөдөгү улуттук тажрыйбалардын маселелерин карап чыгуу менен, семинардын катышуучулары Беларусь Республикасынын, Түркиянын жана Сербиянын өкүлдөрүнүн баяндамаларын угушту.

Бул чөйрөдөгү Кыргызстандын тажрыйбасы менен Кыргызпатенттин стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Самат Байзаков жана ушул долбоорду ишке ашыруу жөнүндө айтып берген Кыргыз Республикасындагы Технологияларды жана инновацияларды колдоо борборунун координатору Зарина Оморовалар бөлүшүштү.

Семинарды жыйынтыктап жатып Кыргызпатенттин директору Ажибай Калмаматов анын иши мазмундуу жана жемиштүү болгондугун белгиледи. Катышуучулар улуттук, аймактык жана эл аралык деңгээлде ИМди өнүктүрүүгө тиешелүү негизги маселелер боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүштү жана пикир алмашышты. Ал семинардын жүрүшүндө айтылган эскертүүлөр, сунуштар жана каалоолор иш жүзүндө колдонулаарына ишенимин билдирди.

“Өткөн 3 күндүн ичинде биз маанилүү жана жемиштүү иш жүргүздүк, ал Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун күн тартибинин контекстинде биздин өлкөлөрдө интеллектуалдык менчикти өнүктүрүүнүн көп маселелерине оң таасирин тийгизери шексиз” – деп белгиледи Ажибай Калмаматов.

Ал ошондой эле ушу иш-чараны өткөргөндүгү үчүн ИМБДУга, ошондой эле маселелердин кеңири спектрин камтыган жана мындан ары толуктап иштеп чыгуу жана талкуулоо үчүн жакшы негиз болуп эсептелген кызыктуу баяндамалары үчүн эл аралык эксперттерге жана кеңешчилерге ыраазычылыгын билдирди.

Өз кезегинде семинардын катышуучулары иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулгандыгын белгилешти жана ошондой эле кабыл алуучу тарапка ыраазычылыгын билдиришти.