• Кыргызча
  • Русский
Евразия патенттик уюмунун Административдик кеңешинин (ЕАПУ АК) XXIV отуруму
Жарыяланган күнү : 
13/06/2011

2011-жылдын 7-июнунан 9-июнуна чейин Москва шаарында (Россия Федерациясы), Евразия патенттик уюмунун Административдик кеңешинин (ЕАПУ АК) жыйырма төртүнчү (кезексиз жетинчи) отуруму болуп өттү.

Отурумдун ишине Азербайжан Республикасынын, Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казак Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Молдова Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажик Республикасынын, Түркмөнстандын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ошондой эле Беларусь Республикасынын, Казак Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын делегацияларынын мүчөлөрү катышышты.

ЕАПУ АКтын төрагасы Л.И. Воронецкий отурумдун катышуучуларына ЕАПУнун Административдик кеңешинин жаңы мүчөсү – ЕАПУнун Административдик кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү, Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын директору Калмаматов Ажибай Айтиевичти тааныштырды.
Бекитилген күн тартибине ылайык Евразия патенттик уюмун стратегиялык өнүктүрүү маселелери, негизинен дары каражаттарын патенттик коргоо жана дары-дармектерге мүмкүнчүлүк алууну камсыз кылуу жөнүндө, ЕАПУнун катышуучу-мамлекеттеринин улуттук патенттик ведомстволору үчүн адистерди даярдоо жана кайрадан даярдоо, улуттук ведомстволордо маалыматтык технологияларды өнүктүрүү жана жайылтуу жөнүндө жана башка маселелер каралды.

Отурумдун катышуучулары жогоруда көрсөтүлгөн маселелер, улуттук патенттик ведомстволорду өнүктүрүүнүн жалпы тенденциялары жана Евразия патенттик уюмун стратегиялык өнүктүрүү боюнча пикир алмашышты. Евразия патенттик ведомствосу ЕАПУ АКтын кезектеги отурумунда карап чыгуу үчүн ЕАПУну өнүктүрүүнүн келечектери боюнча сунуштарды даярдай тургандыгы жөнүндө чечим кабыл алынды.

Ошондой эле Кыргызпатенттин директору А.А.Калмаматов менен Россия мамлекеттик интеллектуалдык менчик академиясынын (РМИМА) ректору И.А. Близнецтин жолугушуусу болду.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасында анын филиалын түзүү, магистрдик программа боюнча интеллектуалдык менчик жаатында адистерди даярдоо жана кайра даярдоо жана жогорку класстагылар үчүн интеллектуалдык менчик боюнча Олимпиада уюштуруу боюнча тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды.