• Кыргызча
  • Русский
ЕврАзЭКтин Интеграциялык комитетине караштуу Интеллектуалдык менчик маселелери боюнча кеңештин V отуруму
Жарыяланган күнү : 
14/06/2011

Кыргызпатенттин директору Ажибай Калмаматовдун төрагалыгы менен, 2011-жылдын 9-июнунда Москва шаарында (Россия Федерациясы), ЕврАзЭКтин Интеграциялык комитетине караштуу Интеллектуалдык менчик маселелери боюнча кеңештин бешинчи отуруму болуп өттү.

Отурумдун ишине Беларусь Республикасынын, Казак Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын жана Тажик Республикасынын өкүлдөрү катышышты.

Отурумда ЕврАзЭКтин катышуучу-мамлекеттеринин аймактарында товардык белгилерди жана тейлөө белгилерин укуктук коргоону эриш-аркак келтирүү жөнүндө макулдашуунун, ЕврАзЭКтин катышуучу-мамлекеттеринин аймактарында мамлекеттик каражаттардын эсебинен түзүлгөн интеллектуалдык менчик объектилерин жүгүртүүнүн бирдиктүү стандарты жөнүндө макулдашуунун жана Евразия экономикалык коомчулугунун катышуучу-мамлекеттеринде интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо жана сактоо тууралуу макулдашуунун долбоорлорун иштеп чыгуу маселелери каралды. Жогоруда баяндалган маселелер боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.