2011-жылдын 15-июнунда интеллектуалдык менчик системасына 18 жыл толду. Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик ведомствосу Өкмөт тарабынан Илим жана жаңы технологиялар боюнча мамлекеттик комитетке караштуу Патенттик башкармалык катарында 1993-жылдын 15-июнунда негизделген.
Ушул жылдар ичинде биздин мекеменин статусу бир нече жолу өзгөрдү. 2009-жылдын 20-октябрынан тартып патенттик ведомство Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы аталышын алып жүрөт.
Кыргызпатент түзүлгөндөн берки мезгили ичинде, ведомство көп ийгиликтерге жетишти. Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы көптөгөн эл аралык уюмдардын мүчөсү болуп калды. Бул мезгил ичинде интеллектуалдык менчик объектилерин коргоонун бардык чөйрөлөрүн камтыган 20 дан ашуун эл аралык келишимдер түзүлүп, 14 мыйзам кабыл алынды. Интеллектуалдык менчикти коргоонун укуктук базасын түзүү чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга жана ишкерлердин ишенимдүү ишин камсыз кылууга өбөлгө түзөт, экономикалык жана социалдык маселелерди чечүүдө маанилүү салым киргизет.
2010-жылы Интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы иштелип чыккан, ал ушул учурда бекитүү баскычында турат. Илим, адабият жана маданият ишмерлери көрүнүктүү жетишкендиктери үчүн, ошондой эле биздин ведомствонун кызматкерлери мыкты көрсөткүчтөрү үчүн мамлекетибиздин, Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ), ошондой эле Евразия патенттик уюмунун (ЕАПУ) жогорку сыйлыктары менен сыйланышты.
Ведомствонун жамаатын натыйжалуу, ак ниет жана жоопкерчилик менен иштей билген кесипкөй адистер түзөт!
Урматтуу кесиптештер!
Сиздерди ведомствонун түзүлгөн күнүнүн 18 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктаймын!
Келгиле, мамлекет башчысы жана элибиз ишеним көрсөткөн биздин ишибизде мыкты ийгиликтерге жетишели жана ыкчамдыкты камсыз кылалы!
Бардыгыңыздарга ден-соолук, бакубатчылык жана чыгармачылык ийгиликтерди каалаймын!
Эң жакшы каалоо-тилектер менен,
Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык
менчик мамлекеттик кызматынын директору
Ажибай Калмаматов


