• Кыргызча
  • Русский
Тажикстандан келген кесиптештер Кыргызпатентте такшалмадан өтүшүүдө
Жарыяланган күнү : 
13/06/2011

Тажик Республикасынын Улуттук патенттик-маалыматтык борборунун директору “Жашыруун ойлоп табуулар жөнүндө” мыйзамды колдонуу, ошондой эле ИМ жаатында улуттук стратегияны иштеп чыгуу маселелеринде кыргыз кесиптештердин иш тажрыйбаларын үйрөнүү үчүн борбордун кызматкерлерине консультациялык жардам берүү жана эки күндүк такшалмадан өткөрүү жөнүндө өтүнүч менен Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын жетекчилигине кайрылган.

Такшалмадан өтүү үчүн Улуттук патенттик-маалыматтык борбордун юридикалык башкармалыгынын кызматкерлери Шаходат Джононова жана Шараф Бадалов жиберилген. Бүгүн тажик патенттик ведомствосунун адистери экспертиза башкармалыгынын, укук жана эл аралык келишимдер бөлүмүнүн, ошондой эле Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкананын иштери менен таанышышты.

Мындан тышкары, Тажикстандан келген кесиптештер 2011-жылдын 14-июнунан 16-июнуна чейин өтө турган, өнүктүрүү жаатында ИМБДУнун Күн тартиби боюнча Аймактык семинарга катышышат.