• Кыргызча
  • Русский
Депутаттар “2009-жылдын 20-ноябрында Ялта шаарында кол коюлган автордук укук жана чектеш укуктар улуттук маалымат базаларын уюштуруу боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамды үч окууда кабыл алышты
Жарыяланган күнү : 
10/06/2011

2011-жылдын 10-июнунда пленардык отурумдун жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаттары “2009-жылдын20-ноябрында Ялта шаарында кол коюлган автордук укук жана чектеш укуктар маалыматтарын мамлекеттер аралык алмашууну уюштуруу жана улуттук маалыматтар базасын түзүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорун карап чыгышты жана кабыл алышты.

Бул Макулдашууга КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары тарабынан кол коюлган.

Макулдашуунун негизги максаты болуп, алардын улуттук мыйзамдарына ылайык Тараптардын аймактарында автордук укук жана чектеш укуктар объектилери жана укук ээлери жөнүндө маалыматтарды мамлекеттер аралык алмашуу үчүн Тараптардын шарттарды түзүүсү эсептелет.
Заманбап маалыматтык-байланыш технологияларын пайдалануу менен мындай маалымат алмашууну ишке ашыруу автордук укук жана чектеш укуктар жаатындагы укук бузууларга бөгөт коюу боюнча КМШнын катышуучу-мамлекеттеринин кызматташуу процесстерин ургалдаштырууга мүмкүндүк берет.

Парламентарийлердин алдында Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын директорунун орун басары Айнура Орозбаева чыгып сүйлөдү.