• Кыргызча
  • Русский
Бишкекте өнүктүрүү жаатындагы ИМБДУнун күн тартиби боюнча региондук семинар болот
Жарыяланган күнү : 
12/05/2011

2011-жылдын 14-июнунан 16-июнуна чейин Бишкекте Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы менен кызматташууда ИМБДУ тарабынан уюштурулган өнүктүрүү жаатындагы Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) күн тартиби боюнча региондук семинар болот.

Семинардын ишине КМШ, Азия жана Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнүн өкүлдөрү жана патенттик ведомстволорунун жетекчилери, ошондой эле эл аралык консультанттар жана ИМБДУнун эксперттери катышышат.

Өткөрүлүүчү эл аралык семинар Кыргызстанда интеллектуалдык менчик системасын өнүктүрүү үчүн өтө маанилүү жана эл аралык, анын ичинде ИМБДУ менен кызматташууну активдештирүүгө багытталган.

Семинар төмөнкүдөй маселелердин кеңири чөйрөсүн камтыйт: билимдерге негизденген глобалдуу экономиканы өнүктүрүү, интеллектуалдык менчик жаатындагы саясат менен атаандаштык жаатындагы саясаттын ортосундагы өз-ара аракеттери, технологиялардын эл аралык трансфери, интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо, жалпы мүлктү сактоо жана башкалар.

Иш-чара 2011-жылдын 14–16-июнунда Аалы Токомбаев көчөсү, 21/2 дареги боюнча “Жаннат” мейманканасында өтөт.

Сизден 2011-жылдын 13-июнуна чейин 681587 телефон номуру боюнча иш-чарага (ЖМК) катышууңузду тастыктап коюуңузду суранабыз