• Кыргызча
  • Русский
Жети жаш авторлордун китептеринин бет ачары
Жарыяланган күнү : 
03/06/2011

2011-жылдын 3-июнунда ИМдин Мамфондусунда эне тилинде жазган жети жаш кыргыз авторлорунун китептеринин бет ачары болду.

Иш-чарага Кыргызпатенттин директору Ажибай Калмаматов, Жаштардын республикалык чыгармачылык бирикмесинин төрагасы Нурлан Калыбеков, ИМдин Мамфондусунун аткаруучу директору Рахат Керимбаева жана Кыргызпатенттин Материалдарды даярдоо бөлүмүнүн башчысы Маркабай Ааматовдор катышты.

Жаш таланттар “Нур борбор” жаштар чыгармачылык бирикмеси менен кызматташтыкта жаш авторлордун жети китебин басып чыгарууну үчүнчү жолу каржылаган Кыргызпатентке караштуу Интеллектуалдык менчиктин мамлекеттик фондусунун финансылык колдоосу астында өз чыгармаларын биринчи жолу жарыкка чыгарышты.

Салтанаттын катышуучуларына сүйлөгөн сөзүндө Кыргызпатенттин директору Ажибай Калмаматов жаш адабиятчыларды атакка ээ болууга биринчи кадамдары менен куттуктады жана Кыргызстандын бүтүндөй чыгармачыл элитасынын келечеги алардын колунда экендигин белгиледи. “Жаш авторлорго жардам көрсөтүүнүн бул жакшы салты үч жылдан бери улантылып келе жатат. – деп айтып берди мекеменин башчысы, – Кыргызпатент жаш таланттарды колдогондугуна дайыма курсант”.

Мындан тышкары, Кыргызпатенттин директору 2010-жылы чыгармалары мыкты деп таанылган төрт жаш жазуучуга Интеллектуалдык менчиктин мамлекеттик кызматынын Ардак грамоталарын тапшырды, алардын катарына: Т. Козубаев (“Бабалар мурасы”), Элчибек уулу Элдияр (“Бөксөргөн тоонун карааны”), Э. Жумагазиев (“Жан дүйнө жаңырыгы”) кирди.

Быйыл Кыргызпатенттин колдоосу менен Айзада Абазованын, Манас Алымбаевдин, Гулжамал Жумаеванын, Кутмырза Жакыбалиевдин, Бакыт Омуровдун, Таалай Ормоновдун, Жылдызай Израилованын чыгармалары жарыкка чыкты.