• Кыргызча
  • Русский
Жогорку Кеңештин Комитети КМШ өлкөлөрүнүн ортосунда автордук укук объектилери жөнүндө маалымат алмашуу боюнча кызматташуу тууралуу макулдашууну ратификациялоону жактырды
Жарыяланган күнү : 
31/05/2011

Кечээ, 2011-жылдын 30-майында Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташуу боюнча комитети “Ялта шаарында 2009-жылдын 20-ноябрында кол коюлган, Мамлекеттер аралык маалымат алмашууну уюштуруу жана автордук укук менен чектеш укуктардын улуттук маалымат базаларын калыптандыруу боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорун жактырды.

Кыргызпатенттин башчысы Ажибай Калмаматов мыйзам долбооруна КМШнын 11 өлкөсүнүн ортосунда кол коюлгандыгын жана автордук укук жана чектеш укуктар объектилери, ошондой эле укук ээлери жөнүндө мамлекеттер аралык маалымат алмашуу максаттарында карап чыгуу үчүн киргизилип жаткандыгын билдирди.