2011-жылдын 16-майынан 20-майына чейин ИМБДУнун штаб-квартирасында Патенттик укук боюнча туруктуу комитеттин XVI сессиясы болду.
Туруктуу комитеттин сессиясынын отурумунун ишине Кыргызпатенттин Экспертиза башкармалыгынын башчысы Абдикалил Токоев катышты.
Күн тартиби төмөндөгү негизги маселелерди камтыды: Туруктуу комитеттин XV сессиясынын отчету; Эл аралык патент системасы жөнүндө отчет; патент ээлеринин укуктарын жоюу жана чектөө; каршылыктарды берүү системасын камтуу менен, патенттердин сапаты; патенттер жана саламаттыкты сактоо; кардар менен патенттик ишенимдүү өкүлдүн ортосундагы мамилелердин жашырындуулугуна укук; технологияларды өткөрүп берүү; күн тартибинин өнүктүрүү жаатындагы ылайыктуу сунуштарын ишке ашырууга Туруктуу комитеттин кошкон салымы.
Сессиянын ишине ИМБДУнун 83 мүчө-өлкөлөрүнөн делегациялар жана 30 өкмөттөр аралык жана өкмөттүк эмес эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Отурумда АКШнын өкүлү Альберт Трампош төрагалык кылды, ал эми анын орун басары болуп Кытайдын өкүлү Шен Донг шайланды.
Патент ээлеринин укуктарын жоюу жана чектөө маселелери боюнча Туруктуу комитет SCP/16/3 жана SCP/16/3 Rev. “Патенттик укуктарды жоюулар жана чектөөлөр боюнча суроолор тизмегинин долбоору”аттуу документтерди карап чыкты. Толугу менен талкуулоонун жыйынтыктары боюнча, ушул жылдын 30-сентябрына чейин бардык ведомстволор өз жоопторун бериши үчүн, Катчылык суроолор тизмегинин толукталып иштелип чыккан вариантын бардык өлкөлөргө жөнөтө тургандыгы жөнүндө чечим кабыл алынды.
Ошондой эле убакыттын өтүшү менен, акырындап, ойлоп табуулар деп таанылган объектилерден чыгарууга тиешелүү суроолор тизмегинин экинчи бөлүгүн даярдоо тууралуу маселе талкууланды.
Саламаттыкты сактоо жөнүндө маселени талкуулоонун жыйынтыктары боюнча, кийинки сессияда талкуулоо үчүн теманы ачык бойдон калтыруу чечими кабыл алынды. Кызыкдар болгон мамлекеттер жана байкоочулар бул көйгөй боюнча өз сунуштарын жана түшүндүрмөлөрүн бере алышат.
Катчылык XVII сессияга башка эл аралык уюмдар менен тиешелүү өз-ара аракеттенүүнү камтуу менен, патенттер жана саламаттыкты сактоо жаатындагы ИМБДУнун ишмердигин баяндоочу документти даярдайт.
Отурумдун аягында Төрага Туруктуу комитеттин кийинки XVII сессиясы 2011-жылдын 5-декабрынан 9-декабрына чейин өтө тургандыгы жөнүндө жарыялады.
