2011-жылдын 30-майында КРнын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматы Россиянын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик академиясы (РМИМА) менен биргеликте, КРдагы ЮСАИДдин өкүлчүлүгүнүн финансылык колдоосу астында уюштурган “Интеллектуалдык менчик жаатындагы укук бузууларга бөгөт коюу” деген темадагы кыска мөөнөттүү квалификацияны жогорулатуу курстары башталды.
Бул окуу курсу интеллектуалдык менчикке укуктарды кыйла натыйжалуу пайдалануу жана ушул тармактагы укук бузууларга каршы аракеттенүү үчүн интеллектуалдык менчик жана анын объектилерин коргоо тууралуу маалыматты жогорулатуу максаттарында Кыргызстанда биринчи жолу өткөрүлүүдө. ИМдин мааниси коомдун өнүгүүсүнүн маанилүү элементи катары анык: ИМ укуктарынын бузулушу эң чоң экономикалык жана моралдык жоготууларга алып келет. ИМ объектилерине укук эл аралык актылар менен эң маанилүү граждандык укуктардын катарына кирет.
Чогулгандарды куттуктоо менен, ведомствонун башчысы Ажибай Калмаматов контрафакт товарларынын деңгээли иш жүзүндө дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө жогорку пайызды түзө тургандыгын, ушунун өзү ИМ жаатындагы гана эмес, ошондой эле атаандаштык чөйрөсүндөгү мыйзамдардын бузулушун айгинелеп тургандыгын белгиледи. “Бүгүн башталып жаткан квалификацияны жогорулатуу курстары биздин угуучуларыбызга ИМдин объектилерин коргоо жатында бир кыйла пайдалуу ачылыштарды берет”, - деп айтты Ажибай Калмаматов. Ал ошондой эле дарстардын курстарынан кийин мамлекеттик органдар контрафакция жана башка бирөөнүн интеллектуалдык эмгегин мыйзамсыз пайдалануу сыяктуу көйгөйлөргө мындан дагы көбүрөөк көңүл бураарына ишенгендигин билдирди.
Мамлекеттик бажы кызматынын өкүлү бул курстун катышуучуларына, анын негизинде бажы органдары ИМге укуктарды коргой турган КРдагы мыйзам базасы жөнүндө маалымат берди, ошондой эле 21 кылымдын жаңы чакырыктарынын, атап айтканда жаңы технологиялардын өнүгүшүнүн негизинде контрафакт товарларына каршы күрөш боюнча актуалдуу маселелерге байланыштуу, бажычылар үчүн мындай курстар өз учурунда уюштурулуп жаткандыгын жана пайдалуулугун белгиледи.
Курстардын угуучуларын ошондой эле РМИМАнын окутуучусу, юридика илимдеринин кандидаты Ирик Мухамедшин куттуктады, ал ошондой эле жандуу талаш-тартыш жана баарлашуулар түрүндө өтө турган окутуу ыкмасы жөнүндө кыскача айтып берди.
Дарстардын бул курстарынын мааниси жөнүндө айтуу менен, БСУ маселелери боюнча долбоордун аймактык юристи Умида Хакназар бүгүнкү күндө интеллектуалдык менчикти коргоонун бүтүндөй маанилүүлүгүн түшүнүү деңгээли жетишээрлик жогорку деңгээлде эмес экендигин белгиледи. “Азыр бардыгыбыздын алдыбызда бул деңгээлди көтөрүү милдети турат, коомдо ИМ түшүнүгү бардык жерге жеткендей кылуу керек” – деп билдирди Умида Хакназар. – “Кыргызпатент ушул ишти активдүү алып баруучу жалгыз ведомство болуп эсептелет. Интеллектуалдык менчик кызматы көптөгөн ар түрдүү семинарларды жана тренингдерди өткөрүп келет жана бул жолу дагы укук коргоо жана текшерүү органдарынын кызматкерлери үчүн атайын курстар уюштурулду. Бул окутуу курсу өзгөчөлөнүп турат, анткени дарстарды ИМ жаатындагы алдыңкы эксперттер иштөөчү РМИМАнын кадыр-барктуу окутуучулары окушат”.
Бул иш-чаранын расмий бөлүгүнүн модератору – Кыргызпатенттин директорунун орун басары Айнура Орозбаева бул курстарды өтүүдөгү дарстар жана РМИМАнын профессорлору тарабынан колдонулуучу ыкмалар бардык катышуучулардын ИМ боюнча билимдерин бир кыйла байытарына жана эң негизгиси, аларды иш жүзүндө натыйжалуу колдонууга мүмкүндүк берерине ишенгендигин билдирди жана бул үчүн, мамлекеттик структуралардын жетишерлик кеңири чөйрөсүн көрсөтүүчү бардык катышуучулардын активдүү катышуусу зарыл экендигин белгиледи.
Квалификацияны жогорулатуу курстарынын аягында угуучулар Россия Федерациясынын мамлекеттик үлгүсүндөгү сертификаттарын алышат. Кыска мөөнөттүү курстардын угуучулары: Кыргызпатенттин, КРнын Юстиция министрлигинин, Экономикалык тескөө министрлигинин, Мамлекеттик бажы кызматынын, Сот департаментинин, Жогорку соттун кызматкерлери жана Мамлекеттик финансы полициясынын адистери.





