2011-жылдын 27-майында Жогорку Кеңеш өзүнүн отурумунда “Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө” Мыйзамга оңдоолорду экинчи жана үчүнчү окууда жактырды.
“Кыргыз Республикасынын “Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) Автордук укук боюнча келишимин жана ИМБДУнун Аткаруулар жана фонограммалар боюнча келишимин ратификациялоодо алынган милдеттенмелерин ишке ашыруу максаттарында даярдалды.
ИМБДУнун көрсөтүлгөн келишимдери авторлорго, аткаруучуларга, фонограмма чыгаруучуларга, маалыматтык технологияларды жана интернетти өнүктүрүүгө байланышкан эфирдик жана кабелдик берүү уюмдарына жаңы укуктарды бекемдейт.
Жогоруда көрсөтүлгөн “Кыргыз Республикасынын “Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна байланыштуу чыгарманы же чектеш укуктар объектисин интерактивдүү режимде кабарлоо сыяктуу укуктар киргизилет. Андан тышкары, укуктарды башкаруу жөнүндө маалымат, ошондой эле автордук укукту жана чектеш укуктарды коргоонун техникалык каражаттары сыяктуу терминдер киргизилүүдө.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө” Мыйзамын туура түшүндүрүүгө жана натыйжалуу колдонууга өбөлгө түзүүчү, тактоо мүнөзүндөгү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди.
