• English
  • Кыргызча
  • Русский
Кыргызпатент жана JICA салттуу билимдерди коргоо маселелерин талкуулашты
Жарыяланган күнү : 
25/05/2011

2011-жылдын 25-майында Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын имаратында Кыргызпатенттин жетекчилиги менен Япон эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) өкүлдөрүнүн жолугушуусу болду.

Жолугушууда Япон агенттигин JICAнын Кыргызстандагы жана Казакстандагы туруктуу өкүлү Хидэаки Маруяма, орун басары Токуджи Йошимура, JICAнын волонтеру Мисато Номура жана өнүктүрүү программалары боюнча адис Светлана Алелековалар көрсөтүштү. Жолугушууга Кыргызпатент тарабынан МИМКнын директору Ажибай Калмаматов, ведомствонун башчысынын орун басары Айнура Орозбаева, Экспертиза башкармалыгынын башчысы Абдикалил Токоев, Селекциялык жетишкендиктер жана салттуу билимдер бөлүмүнүн башчысы Токтогул Азыков жана Тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы Фархат Ибрагимовдор катышты.

Жолугушуунун башталышында Кыргызпатенттин жетекчилиги жакында эле болуп өткөн жер титирөөгө байланыштуу Япон элинин кайгысына ортоктош экендигин билдирди жана агенттиктин кыйын мезгилге карабастан өз өнөктөштөрүнө жардам көрсөтүүгө даяр тургандыгы үчүн JICAнын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдиришти.

Жолугушууда тараптар күндөлүк ишмердик жөнүндө маалыматтар менен алмашышты жана кызматташуунун келечектерин талкуулашты. Белгилүү болгондой, JICA агенттиги Кыргызстандагы өз ишинин алкагында мамлекеттик структураларга алардын мүмкүнчүлүктөрүн жана натыйжалуулуктарын жогорулатууга багытталган техникалык жана гранттык колдоолорду көрсөтөт. Бирок бүгүн, сөз Кыргызстандын салттуу билимдерин жана маданий мурастарын коргоо жөнүндө болду.

“Сиздердин кызмат интеллектуалдык менчик жаатындагы саясатты жүзөгө ашыруучу мекеме катары бүтүндөй өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүдө абдан маанилүү роль ойной тургандыгын биз билебиз жана сиздер менен кызматташып жаткандыгыбызга кубанычтабыз”, – деп айтты JICAнын туруктуу өкүлү Хидэаки Маруяма мырза.

Жолугушуу учурунда маданий мурастарды коргоо маселелери талкууланды, атап айтканда JICAнын волонтеру Номура Мисато кыргыз элинин эң бир мыкты салты – органикалык өнүмдөрдөн, атап айтканда КРнын аймагында өскөн чөптөрдүн белгилүү бир түрлөрүнөн “Шакар” кайнатып самын жасоо ыкмасы тууралуу айтып берди. “Аны даярдоонун сырлары жаратылыштын нак өзүнөн келип чыгуучу бул өнүм ушул күнгө чейин кээ бир үй-бүлөлөрдө сакталып келет. Качандыр бир кезде ушул технологияны билген бир дагы адам калбай калаарын ойлоонун өзү коркунучтуу. Ошондуктан азыр ушул билимди кийинки муундар үчүн сактап калуу зарыл”, – деп белгиледи Номура Мисато.

Директор Ажибай Калмаматов ушул маселе азыр көтөрүлүп жаткандыгына курсант экендигин, анткени чындыгында салттуу билимдерди сактоо темасы абдан маанилүү экендигин айтты жана интеллектуалдык менчик объектиси катары бул өнүмдү каттоо планында бардык жардамдарды берүүгө убада кылды.

Орун басар Айнура Орозбаева япон волонтерлорунун жардамы менен мындай самын КРнын жамааттарында чыгарылгандыгы жана акырындык менен КРнын соода жана мейманкана түйүндөрүндө жайылтылып жаткандыгы – бул салттуу билимдерди жана кыргыз элинин маданий мурастарын коргоо жаатындагы кыргыз-япон кызматташуусунун башталышы гана экендигин белгиледи.

Хидэаки Маруяма мырза ошондой эле КРнын Президенти Роза Отунбаева менен болгон жолугушуунун жүрүшүндө дагы салттуу билимдерди жана кыргыз элинин маданий мурастарын коргоо жөнүндө маселе көтөрүлгөндүгү тууралуу айтып берди. Хидэаки Маруяма мырзанын айтымында Президент дагы бул маселенин маанилүүлүгүн жана актуалдуулугун белгилеген. “Кыргызстанда жоголуп кетүү чегинде турган абдан көп таң калаарлык салттуу билимдер бар. Японияда маданий мурастарды коргоо боюнча иш жүргүзүүчү бүтүндөй система бар”, – деп билдирди Хидэаки Маруяма.

Андан тышкары, Кыргызпатентке JICA волонтерлорун жиберүү жөнүндө маселе каралды, азыркы учурда Кыргызстанда 44 волонтер – ишмердиктин ар түрдүү чөйрөлөрүнүн адистери иштеп жатат.

Жолугушуунун аягында, Хидэаки Маруяма мырза мындан аркы тыгыз кызматташтыкка үмүттөнгөндүгүн билдирди жана МИМКнын кызматкерлеринин жогорку дареметтүүлүгү иштеп чыгуу процессин ыкчамдатууга жана биргелешкен долбоорлорду андан ары ишке ашырууга мүмкүндүк бере тургандыгын белгиледи.