Бүгүн, 2011-жылдын 18-майында КРнын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматы менен КРнын Соода-өнөр жай палатасынын (КР СӨП) ортосундагы кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюлду.
Кыргызпатентти– ведомствонун башчысы Ажибай Калмаматов, директордун орун басары Айнура Орозбаева, Укук жана эл аралык келишимдер бөлүмүнүн башчысы Бакыт Самаков жана Стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Динара Баякуновалар көрсөтүштү. КР СӨП тарабынан жолугушууга КР СӨПтүн президенти Марат Шаршекеев, вице –президенти Давлеталиев Амангельди , вице - президенти Апасова Римма, стратегиялык өнүктүрүү боюнча долбоордун жетекчиси Нурлан Мусуралиевдер катышты.
Бул документке кол коюунун мааниси жөнүндө айтуу менен Кыргызпатенттин директору Ажибай Калмаматов интеллектуалдык менчик, инновациялар жана технологиялар чөйрөсүндө ведомстволор аралык кызматташуунун жана маалымат алмашуунун өзгөчө маанилүүлүгүн мындайча белгиледи: “Биздин өз-ара пайдалуу кызматташтыгыбыз кичи жана орто ишканалардын ойлоп табуучулук, патенттик-лицензиялык жана инновациялык ишмердүүлүктөрүн өнүктүрүү үчүн экономикалык, укуктук жана уюштуруучулук жагымдуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет, ошондой эле укук ээлеринин мыйзамдык кызыкчылыктарын жана интеллектуалдык ишмердиктин натыйжаларына укуктарды коргоонун механизмдерин жөнгө салууга мүмкүндүк берет, бул бүтүндөй өлкөнүн экономикасына таасир тийгизет”.
КР СӨПтүн вице-президенти Давлеталиев Амангельди интеллектуалдык менчик жаатында саясатты ишке ашыруучу мекеме катары Кыргызпатент менен кызматташуу зарылдыгын белгиледи. “Көп ишкерлер интеллектуалдык менчик объектилерин каттоого керектүү деңгээлде маани беришпейт жана бул жол-жоболордун бүтүндөй маанисин түшүнө беришпейт, - деп белгиледи КР СӨПтүн вице-президенти өз сөзүндө. – Бул документ биздин алдыбызда кызматташуунун абдан кеңири талаасын ачат. Меморандум бизге семинарлар, конференциялар, тегерек столдор жана КР СӨПтүн ишкерлери жана операторлору үчүн окуу курстары сыяктуу көптөгөн биргелешкен иш-чараларды өткөрүүгө ж.б. мүмкүндүк берет”.
Ошол эле жерде конкреттүү долбоорлор боюнча сунуштар иштелип чыкты. Атап айтканда Ажибай Калмаматов Кыргызпатент тарабынан демилгеленген жаңы “Жылдын соода маркасы” долбоору жөнүндө айтып берди. Быйыл Кыргызпатент ички жана тышкы базарда соода маркаларын ийгиликтүү алга жылдыргандыгы үчүн ведомстволук сыйлыкты уюштурат.
Төмөндөгүдөй эки номинация кабыл алынат: “Кыргызстандагы мыкты улуттук марка” жана “Кыргызстандагы мыкты чет өлкөлүк соода маркасы”. Бүгүнкү күндө керектүү укуктук база (сынак жөнүндө жобо) даярдалды жана статуэтканын мыкты долбооруна сынак жарыяланды. Ведомстволор аралык кызматташуунун алкагында “Жылдын соода маркасы” сынагынын тең уюштуруучусу катарында бул долбоорго катышуу сунушталды.
Андан тышкары, ата мекендик ойлоп табуучуларды 2011-жылдын сентябрында боло турган Евразиялык көргөзмөгө катыштыруу үчүн алдын ала макулдашууларга жетишилди, ал жерде кыйла натыйжалуу жана кызыктуу ойлоп табуулар коюлмакчы.
Тараптар мындан аркы өнөктөштүктүн кызыкчылыгында өз-ара аракеттерди активдештирүүгө макулдашышты.






