• Кыргызча
  • Русский
КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Терминкому ИМ жаатындагы терминдердин жаңы Глоссарийин карап чыкты
Жарыяланган күнү : 
17/05/2011

Кечээ, 2011-жылдын 16-майында КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Терминкому интеллектуалдык менчик жаатындагы терминдердин жаңы Глоссарийин карап чыкты.

Терминкомдун отурумун куттуктоо сөзү менен Кыргызпатенттин Мамлекеттик тил боюнча комиссиясынын төрайымы Айнура Орозбаева ачты. Ал өзүнүн кайрылуусунда азыркы замандын талаптарына жооп берген ИМ жаатындагы жаңы Глоссарийди иштеп чыгуунун жана кабыл алуунун маанилүүлүгүн жана өз убагында болуп жаткандыгын белгиледи. Комиссиянын төрайымы ошондой эле аны иштеп чыгууда көрсөткөн жардамы үчүн Терминкомдун мүчөлөрүнө терең ыраазычылык билдирди.

Терминкомдун мүчөлөрү өз ичине товардык белгилерди, ойлоп табууларды, өнөр жай менчиги объектилерин, автордук жана чектеш укуктарды коргоону камтыган интеллектуалдык менчик объектилерине байланышкан 1000ден ашуун терминдерден жана сөз айкаштарынан турган терминдердин Глоссарийинин долбоорун карап чыгышты. Терминдердин Глоссарийи ведомствонун кызматкерлеринен атайын түзүлгөн жумушчу топ жана Кыргызпатентке караштуу мамлекеттик тил боюнча комиссиянын мүчөлөрү тарабынан даярдалган. Мурдагы глоссарий 1996-жылы эле түзүлгөн жана азыркы заман чындыгына ылайык келтирилүүгө муктаж эле.

Андан тышкары, ИМ жаатында иштеп жаткан мыйзамдардын терминологиясы дыкат талдоого алынды.

Курамына мамлекеттик ведомстволордун, ЖОЖдордун жана академиялык чөйрөлөрдүн өкүлдөрү жана журналисттер кирген Терминкомдун мүчөлөрү аткарылган ишке жылуу пикирлерин айтышып, оң баа беришти.

Отурумдун аягында Терминкомдун мүчөлөрү кеңешип, Глоссарийге тиешелүү эскертүүлөр жана сунуштар менен протокол даярдоону жана аны мындан ары пайдаланууну сунуштоо менен, Кыргызпатенттин алдындагы мамлекеттик тил боюнча комиссияга берүүнү чечишти.