• English
  • Кыргызча
  • Русский
ИМБДУнун башкы директору менен Кыргызпатенттин башчысынын эки тараптуу жолугушуусу болду
Жарыяланган күнү : 
16/05/2011

2011-жылдын 2–14-майында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын башчысы Ажибай Калмаматовдун Женева ш. Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) штаб-квартирасына жумушчу иш-сапарынын алкагында ИМБДУнун башкы директору Фрэнсис Гарри мырза менен Кыргызпатенттин директорунун эки ттараптуу жолугушуусу болду.

Жолугушууда ИМБДУнун колдоосу астында Кыргызпатенттин адистери тарабынан иштелип чыккан КРнын ИМди жана инновацияларды өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын долбоору талкууга алынды. Фрэнсис Гарри мырза аны ишке ашыруунун жүрүшүнө кызыкты, ага Кыргызпатенттин директору стратегиянын долбоору КРнын министрликтери менен макулдашуу этабында тургандыгын жана андан ары улуттук стратегиянын долбоору Жогорку Кеңеште талкууланаарын билдирди.

Андан тышкары, ИМБДУнун курамындагы аймактык адистердин кадрдык көрсөтүүлөр маселеси көтөрүлдү.

Ошондой эле тараптар биргелешип өткөрүлгөн төмөнкү эки семинардын натыйжаларын талкуулашты: патенттик укук боюнча аймактын семинар (2011-жылдын 12, 13-апрели) жана автордук укук маселелери боюнча улуттук семинар (2011-жылдын 1, 2-марты).
2011-жылдын экинчи жарым жылдыгына Кыргызпатент менен ИМБДУнун ортосундагы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары аныкталды.