2011-жылдын 25–26-апрелинде Нью-Дели ш. (Индия) «ACTA (The Anti-Counterfeiting Trade Agreement – Контрафакт продукцияларына каршы аракеттенүү боюнча соода макулдашуусу) – өнүгүп жаткан өлкөлөр үчүн натыйжасы” аттуу темада эл аралык семинар болду.
Семинар Индиянын Тышкы соода боюнча институтунун БСУну изилдөө боюнча борбору тарабынан уюштурулуп, ага Африка континентинин, Борбордук Азиянын, Индиянын, Бразилиянын, Тайланддын, Ирандын өлкөлөрү сыяктуу өнүгүп бара жаткан өлкөлөр деп аталуучу блоктун өлкөлөрүнүн өкүлдөрү чакырылып, жалпысынан семинардын ишине 26 өлкөнүн өкүлдөрү катышты.
Семинардын жүрүшүндө катышуучулар БСУнун алкагында ИМ укуктарынын айрым соода аспектилери боюнча макулдашууга (ТРИПС), Контрафакт продукцияларына каршы аракеттенүү боюнча соода макулдашуусуна (АКТА) тиешелүү маселелер, ошондой эле өнүгүп бара жаткан өлкөлөргө AКTA сыяктуу жаңы институттун таасири сыяктуу маселелерди талкуулашты.
Семинардын ишине Кыргыз Республикасынан Маалымат системасын тейлөө бөлүмүнүн башчысы К.Сыдыкбеков катышты.
Маалымкат:
АКТА(TheAnti-CounterfeitingTradeAgreement) – интеллектуалдык менчик укуктарын коргоонун эл аралык стандарттарын белгилөө максаттарында болжоштурулган көп тараптуу макулдашуу (плюрилатералдык макулдашуу). АКТА ыктыярдуу негизде кошула ала турган өлкөлөр үчүн жаңы эл аралык-укуктук алкактарды белгилөөнү болжоштурат жана бул үчүн, Бүткүл дүйнөлүк соода уюму (БСУ), Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюму (ИМБДУ) же Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) сыяктуу иштеп жаткан эл аралык институттардын чегинен тышкары өзүнүн жеке башкаруу органы түзүлөт. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан өлкөлөр аны:”автордук укук менен корголуучу контрафакт продуктулары жана каракчылык чыгармалары менен глобалдуу соода кылуунун өсүшүнө жооп” катары сыпатташты. АКТА чөйрөсүнө контрафакт товарлары, патенттелбеген дары каражаттары Интернеттеги автордук укуктардын бузулушу таандык.
Контрафакт товарлары боюнча көп тараптуу макулдашууну түзүү идеясы 2006-жылы Японияда жана Америка Кошмо Штаттарында иштелип чыккан. Канада, Европа союзу жана Швейцария 2006-2007-жж. аралыгында алдын ала сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Австралия, Марокко, Мексика, Жаңы Зеландия, Корея Республикасы жана Сингапур менен 2008-жылдын июнунда расмий сүйлөшүүлөр башталган.


