• Кыргызча
  • Русский
Жогорку Кеңеш “Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө” Мыйзамга оңдоолорду биринчи окууда кабыл алды
Жарыяланган күнү : 
29/04/2011

КР ЖКнын Расмий сайты: “Жогорку Кеңеш “Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө” Мыйзамга оңдоолорду биринчи окууда кабыл алды”

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумдун жүрүшүндө “Кыргыз Республикасынын “Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүүлүрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун карап чыгышты.

Бул маселе боюнча Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын директору Ажибай Калмаматов чыгып сүйлөдү.

Ал өз сөзүндө азыркы иштеп жаткан мыйзам эскиргендигин жана азыркы турмуш чындыктарына – компьютерлештирүү, Интернет, сан ариптик берүүлөр ж.б. сыяктууларга ылайык келбей калгандыгын белгиледи. “Киргизилген өзгөртүүлөр финансылык чыгымдарды талап кылбайт”, - деп билдирди ал.

Депутаттар чыгармачыл жана илимий чөйрөдөгү каракчылык, уурулук, автордук укуктардын бузулушу сыяктуу көйгөйлөргө кызыгышты. Суроолорго жоопторду алышкандан кийин Жогорку Кеңештин депутаттары мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алышты.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин пресс-кызматы

Кошумча матариалдарӨлчөмү
sravnitelnaya_tablica.doc156.5 KB