• English
  • Кыргызча
  • Русский
Патенттик укук маселелери боюнча аймактык семинар өз ишин аяктады
Жарыяланган күнү : 
13/04/2011

Бүгүн, 12-апрелде «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) Туруктуу комитети тарабынан каралып жаткан патенттик укук маселелери боюнча Аймактык семинар өз ишин улантты.

Семинардын экинчи күнү патенттик оппозицияны өнүктүрүүнүн эл аралык жана улуттук тажрыйбасы; патенттик ишенимдүү өкүлдөр жана алардын кардарларынын ортосундагы мамилелердин жашырындуулук маселелери; технологияларды трансферлөө, ошондой эле саламаттыкты сактоодо патенттерди колдонуу маселелери сыяктуу темаларды талкуулоого арналды.

Биринчи тема боюнча баяндамасы менен Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) патенттик мыйзамдар боюнча бөлүмүнүн башчысы Танако Миамото айым чыгып сүйлөдү. Ал ар түрдүү өлкөлөрдө иштеп жаткан каршылык билдирүүлөрдүн жана патенттик талаш-тартыштарды чечүүнүн жол-жоболору жана механизмдери жөнүндө айтып берди. Евразиялык патенттик ведомствонун (ЕАПВ) алкагында иштеп жаткан патенттик оппозиция системасынын өзгөчөлүктөрү туурасында ЕАПВнын Экспертиза башкармалыгынын башчысы Виктор Талянский айтып берди. Грузия Республикасынын ИМ улуттук борборунун башкы эксперти Васил Георгадзе Грузияда патенттик оппозиция системасы кандайча иштеп жаткандыгы жөнүндө билдирүү жасады, Бул чөйрөдөгү Кыргызстандын тажрыйбасы менен Кыргызпатенттин ИМ укуктарын ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Нуржамал Ильясова жана патент таануучу Өмүргүл Балпанова бөлүшүштү.

Патенттик ишенимдүү өкүлдөр жана алардын кардарларынын ортосундагы мамилелердин жашырындуулук маселелерин кароо менен, семинардын катышуучулары ИМБДУнун патент мыйзамдары боюнча бөлүмүнүн укук маселелери боюнча кызматкери Аида Долотбаеванын жана РФнын өкүлү, патенттик ишенимдүү өкүл Сергей Залесовдун баяндамаларын угушту. Бул маселе мыйзам түрүндө керектүү деңгээлде дайыма эле жөнгө салына бербеген көптөгөн совет мезгилинен кийинки өлкөлөр үчүн актуалдуу бойдон калып жаткандыгы белгиленди.

Күндүн экинчи жарымы технологияларды трансферлөө, ошондой эле саламаттыкты сактоодо патенттерди колдонуу маселелери боюнча пикир алмашууларга арналды. Өзүлөрүнүн баяндамалары менен Т.Миамото, А. Долотбаева, Беларусь Республикасынын ИМ улуттук борборунун Укук башкармалыгынын жетектөөчү адиси Петр Брукин, Кыргызпатентке караштуу ИМдин Мамфондунун аткаруучу директору Зарина Оморовалар чыгып сүйлөштү. Андан тышкары «Алтын Туйун» Республикалык балдар инженердик академиясынын (РБИТА) директору Жаркын Бапанова РБИТАнын ишмердүүлүгү жөнүндө бет ачарын тартуулады.

Андан кийин семинардын катышуучулары “тегерек стол” форматында эл аралык патент системасынын келечеги жөнүндө маселени талкуулашты. Муну менен Т.Миамото айым семинардын жүрүшүндө талкууланган маселелер май айында Женева шаарында өтө турган ИМБДУнун Патенттик укук маселелери боюнча туруктуу комитетинин кезектеги отурумунун көңүл борборунда боло тургандыгын белгиледи.

Семинардын жыйынтыктарын чыгаруу менен, Кыргызпатенттин директору Ажибай Калмаматов анын иши мазмундуу жана үзүрлүү болгондугун белгиледи. Катышуучулар улуттук, аймактык жана эл аралык деңгээлде патент системасын өнүктүрүүгө тиешелүү негизги маселелер боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүп, пикир алмашышкандыгын айтты. Ал семинардын жүрүшүндө айтылган эскертүүлөр, сунуштар жана каалоо-тилектер ИМБДУнун патенттик укуктар боюнча туруктуу комитетинин кезектеги отурумдарынын пикир алмашууларында чагылдырыла тургандыгына ишенээрин билдирди.