Бүгүн, 12-апрелде «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) Туруктуу комитети тарабынан каралып жаткан патенттик укук маселелери боюнча Аймактык семинар башталды. Семинар ИМБДУнун колдоосу астында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматы (Кыргызпатент) тарабынан уюштурулду.
Семинардын ишине Беларусь Республикасынан, Грузиядан, Казак Республикасынан, Кыргыз Республикасынан, Өзбек Республикасынан, Украинадан келген юристер жана патент таануучулар, ИМБДУнун жана Евразия патенттик уюмунун (ЕАПУ) өкүлдөрү, ошондой эле өкмөттүн өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, илимий чөйрөлөрдүн жана бизнес коомдоштуктардын өкүлдөрү катышты.
Жолугушуунун катышуучуларын куттуктоо менен, Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын директору Ажибай Калмаматов заманбап технологияларды жана инновацияларды өндүрүштө ийгиликтүү өздөштүрүү, ал эми акыркы жыйынтыгында – өлкөнү экономикалык жана социалдык өнүктүрүү түздөн-түз патент системасынын натыйжалуу иштешине көз каранды болгондуктан, талкууга алынып отурган теманын өзгөчө актуалдуулугун белгиледи.
Семинардын катышуучулары Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) патенттик мыйзамдар боюнча бөлүмүнүн башчысы Танако Миамото айымдын баяндамасын угушту жана талкуулашты. Ал эл аралык патент системасынын азыркы абалы жөнүндө айтып берди жана аны иштетүүнүн жана өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин чагылдырып, ошондой эле ИМБДУнун Патенттик укук боюнча туруктуу комитеттин ишмердүүлүгүнүн тарыхына жана мындан ары өнүктүрүүнүн келечектерине арналган бет ачарын тартуулады. Теманы Кыргызпатенттин ченемдик ишмердүүлүгү жөнүндө баяндамасы менен чыгып сүйлөп ведомствонун экспертиза башкармалыгынын башчысы Абдикалил Токоев улантты.
Күндүн экинчи жарымы патенттердин сапаты жөнүндөгү, ошондой эле объектилерди патентке жарамдуулуктан чыгаруу жана укуктардын өзгөчөлүктөрү жана чектөөлөрү тууралуу маселелерди талкуулоого арналды. Ылайыктуу бет ачарлары менен Т.Миамото жана ИМБДУнун патент мыйзамдары боюнча бөлүмүнүн укук маселелери боюнча кызматкери Аида Долотбаевалар чыгып сүйлөштү. Ушул маселелерди чечүүдөгү өз өлкөлөрүнүн тажрыйбасы жөнүндө Казак Республикасынын Юстиция министрлигинин ИМ укуктары боюнча Комитетинин Өнөр жай менчиги боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча башкармалыгынын башчысы Мади Саданов жана Өзбек Республикасынын Мамлекеттик патенттик ведомствосунун Патенттик экспертиза башкармалыгынын сектор башчысы Людмила Бубенцовалар айтып беришти.
Эртең, 13 апрелде, семинар өз ишин улантат.



