Бүгүн 2011-жылдын 5-апрелинде Кыргызпатенттин жыйындар залында “Салттуу билимдерди документтештирүү жана санариптештирүү маселелери” деген темада тегерек стол блуп өттү.
Иш-чара 26-апрелде белгилене турган Интеллектуалдык менчиктин Эл аралык жана Улуттук Күнүнө арналган бир айлыктын алкагында уюштурулду. Ага ишмердүүлүктөрү салттуу билимдерди жана генетикалык ресурстарды илилдөөгө жана сактоого байланышкан мамлекеттик органдардын, илимий коомдоштуктардын, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Тегерек столдун катышуучуларын куттуктоо менен Кыргызпатенттин директору Ажибай Калмаматов салттуу билимдерди (СБ) кагаз жүзүндө жана электрондук сактагычтарда изилдөө жана сактоо маселелеринин өзгөчө маанилүүлүгүн, анткени, кылымдардан бери ооздон оозго өтүп келген бул билимдер көпчүлүк учурларда жазуу булактарында чагылдырылбагандыгын белгиледи. Анын ортосунда бул билимдер өтө сейрек учуроочулар, ал эми жаңы технологияларды, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү түзүүдө аларды пайдалануу мамлекетке жана ошондой эле мындай билимдердин ээлерине маанилүү экономикалык пайда алып келе ала тургандыгын айтты.
Экспертиза башкармалыгынын башчысы Абдикалил Токоев өзүнүн баяндамасында бүгүнкү күндө улуттук бирдейликтин гана эмес, ошондой эле экономикалык жана экологиялык жана азык-түлүк коопсуздугунун негизи болуп эсептелген салттуу билимдердин өзгөчө статусун таануу зарылдыгын белгиледи. Муну менен, салттуу билимдерди коргоого жана сактоого жардам берүү, СБны алып жүрүүчүлөрдүн, бизнестин жана мамлекеттик жана илимий коомдоштуктардын ортосундагы өз-ара мамилелердин айкындуулугун, ошондой эле салттуу билимдерди пайдалануудан алынган кирешени калыс бөлүштүрүү сыяктуу аспектилери абдан маанилүү. А.Токоев СБны изилдөө жана сактоо ишинде мамлекеттик органдардын, илимий коомдоштуктардын жана өкмөттүк эмес уюмдардын күч аракеттерин топтоп чыңдоону сунуштады. Атап айтканда сөз салттуу билимдердин бирдиктүү маалымат базасын түзүү, аларды коргоонун механизмдерин жакшыртуу, ал эми келечекте – СБ маселелери боюнча аймактык профилдик журналды басып чыгаруу жана Салттуу билимдердин энциклопедиясын чыгаруу жөнүндө болуп жатат.
Салттуу билимдерди изилдөөнүн жана пайдалануунун ар түрдүү багыттары жөнүндө тегерек столдун катышуучулары айтып беришти. КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Окумуштуулардын медициналык кеңешинин төрагасы Рустам Тухватшиндин “Салттуу медицинаны өздөштүрүүнүн көйгөйлөрү”, Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана пайдалануу боюнча Глобалдуу экологиялык фонд (ГЭФ/ЮНЕП) долбоорунун консультанты Бактыбек Койчумановдун “Кыргызстанда салттуу билимдер менен генетикалык ресурстардын байланышы”, “Жашоо дарагы” адамдык өнүктүрүү борборунун директору Калия Молдогазиеванын “Салттуу жаратылышты пайдалануу чөйрөсүндө СБны документтештирүү көйгөйлөрү”, ошондой эле “Айылды өнүктүрүү фонду” долбоорунун координатору Кулипа Акматованын “Салттуу билимдерди чогултуу жана документтештирүү” аттуу баяндамалары зор кызыгууларды жаратты.
Тегерек столдун катышуучулары салттуу билимдерди коргоо, изилдөө жана сактоо чөйрөсүндө кызматташтыкты улантууга жана бул багыттагы күч-аракеттерди активдештирүүгө макулдашышты.





