2011-жылдын 14-апрелинде Кыргызпатенттин жыйындар залында Kalikova & Associatesтин катышуусунда Кыргызпатент тарабынан китепканалык-маалыматтык консорциум менен биргеликте уюштурулган “Электрондук чөйрөдөгү автордук укук маселелери” аттуу тегерек стол болот.
Тегерек столдун катышуучулары Кыргыз Республикасында автордук укукту өнүктүрүү маселелерин, Кыргызстандын китепканаларында электрондук ресурстарды түзүүдөгү жана пайдалануудагы автордук укук көйгөйлөрүн, ошондой эле «Creative commons» лицензияларын пайдалануунун келечектерин талкуулашат.
Иш-чаранын ишине Кыргызпатенттин кызматкерлери, интеллектуалдык менчик жаатындагы юристтер, интернет коомдоштуктардын , ошондой эле борбор калаабыздагы ЖОЖдордун ж.б. өкүлдөрү катышат.
