• Кыргызча
  • Русский
Патенттик укук маселелери боюнча аймактык семинар
Жарыяланган күнү : 
29/03/2011

2011-жылдын 12-13-апрелинде Бишкекте Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюму (ИМБДУ) тарабынан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматы менен биргеликте уюштурулган, Патенттик укук боюнча туруктуу комитет (ПУТК) тарабынан каралуучу маселелер боюнча аймактык семинар болот.

Семинардын жүрүшүндө патенттик укуктун ар түрдүү аспектилери каралат, атап айтканда эл аралык патент системасынын чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелер, ошондой эле патенттердин сапаты, патенттик оппозиция системасы жана башка маселелер талкууланат.

Семинардын ишине КМШ өлкөлөрүнүн өкүлдөрү, ИМБДУнун эксперттери, Өкмөт мүчөлөрү жана Кыргызпатенттин адистери катышат.

Маалымкат: Патенттик укук – патент менен корголуучу интеллектуалдык менчик объектилерин түзүүгө жана пайдаланууга (даярдоо, колдонуу, сатуу, жарандык жүгүртүүгө башка киргизүү) байланышкан укуктук мамилелерди жөнгө салуучу жарандык укуктун тармакчасы. Эскертилген интеллектуалдык менчик объектилери ошондой эле өнөр жай менчиги деп аталышат.