Кыргызпатент жыл сайын 26-апрелде белгилене турган Интеллектуалдык менчиктин Эл аралык жана Улуттук Күнүнө карата “Келечекти пландоо менен” деген ураан астында иш-чаралардын циклин өткөрөт. Бул жөнүндө бүгүн «КирТАГ» маалымат агенттигиндеги пресс-конференцияда Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын (Кыргызпатент) директору Ажибай Калмаматов билдирди.
Коомчулуктун көңүлүн интеллектуалдык менчикти коргоо жана рационалдуу пайдалануу маселелерине буруу үчүн, 2000-жылы Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун Башкы ассамблеясынын сессиясында ИМБДУнун мүчө-мамлекеттери интеллектуалдык менчиктин Эл аралык күнүн уюштурууну жана жыл сайын белгилеп турууну чечишкен. Бул үчүн алар 1070-жылы ИМБДУну уюштуруучу Конвенция күчүнө кирген күндү –26-апрелди тандап алышкан. Ушул эле күнү Кыргызстанда интеллектуалдык менчиктин Улуттук күнү дагы белгиленет. Аны салттуу майрамдоону темалык иш-чаралар: актуалдуу маселелер боюнча “тегерек столдор”, пикир алмашуулар , көргөзмөлөр, сынактар коштойт.
Кыргызпатенттин директору Ажибай Калмаматов ушул майрам жөнүндө, ошондой эле интеллектуалдык менчиктин Эл аралык жана Улуттук күнүнө арналып өткөрүлө турган иш-чаралар туурасында кеңири айтып берди.
2011-жылдын 28-мартынан 26-апрелине чейин актуалдуу маселелер боюнча “тегерек столдор”, пикир алмашуулар , көргөзмөлөр, анын ичинде– КМШ өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнүн жана ИМБДУнун эксперттеринин катышуусу менен аймактык семинар, ошондой эле мектеп окуучулары арасында сынактар викториналар сыяктуу бир катар иш-чаралар өткөрүлмөкчү. “Алардын максаттары – ИМ деген иш жүзүндө эмне экендигин элдин кеңири чөйрөсүнө түшүндүрүүгө жетишүү жана ИМ системасы музыканы, искусствону жана оюн-шоок индустриясын гана өнүктүрүүгө эмес, ошондой эле бизди курчап турган дүйнөнүн жүзүн аныктоочу бардык товарларды жана инновациялык технологияларды жаратууга кандайча өбөлгө түзө тургандыгын көрсөтүү”. – деп кошумчалады директордун орун басары Данияр Сыдыков.




