• Кыргызча
  • Русский
ИМБДУ ИМБДУ-РОССИЯ Жайкы Мектебинде угуучуларды окутууну улантат
Жарыяланган күнү : 
23/03/2011

Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюму (ИМБДУ) ИМБДУ-РОССИЯ Жайкы Мектебинде угуучуларды окутуу курсун улантат (Санкт – Петербург, 2011-жылдын 11-12-июлу). Мектепти Эл аралык бизнес жана укук институтунун (ЭБУИ) базасында ИМБДУ Интеллектуалдык менчик, патенттер жана товардык белгилер боюнча федералдык кызматы (Роспатент) менен Россия мамлекеттик интеллектуалдык менчик академиясы (РМИМА) биргелешип өткөрөт.

Жайкы мектеп интеллектуалдык менчиктин (ИМ) бардык аспектилери боюнча уникалдуу билим берүү программасын сунуштайт. Программа дарстардан турат, ошондой эле кейстерди жана интеллектуалдык менчиктин айрым аспектилери боюнча топтор ортосундагы пикир алмашууларды камтыйт.

Мектептин окутуучулары – интеллектуалдык менчик жаатындагы алдыңкы адистер – ИМБДУнун, ИМРМАнын (укуктук коргоону жана интеллектуалдык менчиктн объектилерин, коммерциялык пайдаланууну түзүү, башкаруу жаатында адистерди даярдоочу Россиянын бирден бир мамлекеттик жогорку окуу жайы) кызматкерлери жана адис – практиктер.
Окуу аяктаган соң катышуучуларга ИМБДУ менен РОСПАТЕНТтин мөөрү басылган күбөлүк берилет.

ИМБДУнун Жайкы Мектебинин катышуучулары

Ишмердүүлүктүн ар түрдүү чөйрөсүндөгү жаш адистер, ошондой эле жогорку курстардын студенттери жана аспиранттар.

Өткөрүүнүн датасы жана орду:
Россия, Санкт-Петербург, 2011-жылдын 11-22 июлу. Санкт-Петербург мамлекеттик маалыматтык технология, механика жана оптика университети.
Окутуунун тили:

Орус тили

Катышуу үчүн эмне талап этилет
I Каттоодон өтүү
Интеллектуалдык менчик боюнча ИМБДУнун Жайкы Мектебинде окуудан өтүүгө талапкерлерди каттоо 2011-жылдын 1-июлунда аяктайт.
Ошондой эле милдеттүү түрдө ИМБДУнун сайтында алдын ала каттоодон өтүү зарыл.
ИМБДУнун сайтында катталуу датасы 2011-жылдын 12-январынан 15-апрелге чейин.
Көңүл бургула! Топко жазылуу чектелүү жана 100 орунга эсептелген. Орус тилинде жазылган кат менен кошо өзүңүздүн кыскача резюмеңизди электрондук почто аркылуу жөнөтүңүз (Сиз эмне үчүн Жайкы Мектептин окуусунан өткүңүз келгендигинин себебин жана окуунун натыйжасында эмнеге жетишүүгө үмүттөнө тургандыгыңызды түшүндүрүңүз).
Мындан аркы бардык суроолор боюнча Жайкы Мектептин координаторуна кайрылыңыз:Summerschool.russia@rgiis.ru.
Ошондой эле Сиз E-mail: боюнча же: (812) 371-81-16 телефону боюнча суроо беосеңиз болот.
II Окуунун төлөмү
Жайкы мектепте окутуунун баасы:
Студенттер: $150
Жаш адистер: $250
РФнын жарандары болуп эсептелбеген талапкерлердин төлөмдөрү жөнүндө маселелер боюнча Санкт-Петербургдагы ИМБДУнун Жайкы Мектебинин администраторуна төмөнкү телефон боюнча кайрылсаңар болот: (812) 371-81-16, ф. (812) 371-81-12; Санкт-Петербург ш. Гастелло, 12.
Катышуучулар Санкт-Петербургга чейинки жана кайра келүү жол киресин, жашап туруу жана программанын иштөө учурундагы башка чыгымдарын өзүлөрү төлөшөт. Башка шаарлардан келген катышуучуларга мейманканаларды издөөдө жана алдын ала орун ээлөөдө жардам көрсөтүлөт.
Жайкы мектептин администратору, электрондук почто аркылуу катышууга өтүнмөнү алгандан кийин талапкердин катышууга мүмкүндүгү жөнүндө жооп катары кабарлоо-катты жөнөтөт. Каттоо мөөнөтү бүткөндөн бир жума өткөндөн кийин бардык өтүнмөлөрдүн даректерине Жайкы мектепке катышууга ниетинин күчүндө экендигин, ошондой эле Жайкы мектепте окуунун төлөмү үчүн реквизиттерди тактоочу сурам жөнөтүлөт (катышуучу жооп катары администраторго төлөнгөндүгү жөнүндө банктын белгилөөсү бар төлөм тапшырмасынын сканерленген көчүрмөсүн жөнөтүүсү керек!).
Жайгаштырууга өтүнмө
(өтүнмөнү ТЕМА: жайгаштырууга өтүнмө деген графадагы ящику электрондук жащик боюнча жөнөтүү керек.
Жайкы мектепке Сиздин расмий түрдө катышууңуз төлөнгөндөн кийин гана администратор тарабынан тастыкталат.
Аралыктан туруп окуу
Алдын ала тандалып алынган талапкерлер интеллектуалдык менчик боюнча аралыктан туруп окуунун атайын сессиясынан ийгиликтүү өтүүгө тийиш болушат (DL-101). DL-101 акысыз курс болуп эсептелет жана Жайкы мектепке даярдыкты камсыз кылат. Бул курс алты жумалык мезгил ичиндеги окуу мезгилинин болжол менен 50 саатына эсептелген. Ал курстун графигине ылайык жылына эки жолу жеткиликтүү. Кененирээк бул жерден кароого болот.