• Кыргызча
  • Русский
Кыргызпатенттин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча комиссиянын отчету даярдалды
Жарыяланган күнү : 
15/03/2011

КРнын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын алдындагы Мамлекеттик тил боюнча комиссия 2010-жылда аткарылган иштер жөнүндө отчет берди.

Атап айтканда комиссиянын демилгеси боюнча Кыргызпатент мамлекеттик ведомстволордун ичинен биринчилерден болуп кыргыз тилин толук колдоо үчүн, ведомствонун 100 компьютерине «Тамга-Кит» электрондук программасынын пакетин киргизди. Бул пакет MS Office кеңселик программасы бар Windows операциялык системасына кошумча болуп эсептелет. Программалык продукт бардык кеңселик колдонууларда мамлекеттик тилдеги тексттер менен ыңгайлуу жана ыкчам иштөөгө мүмкүндүк берет.

Кыргызпатенттин кызматкерлерине ыңгайлуу болуш үчүн мекеменин китепканасынын фонду төмөндөгү ар кандай тилдик сөздүктөр менен толукталган: Ожеговдун 100 000 сөздөн турган Орус тилинин түшүндүрмө сөздүгү; Булыконун 35 000 сөздөн турган Чет өлкөлүк сөздөрдүн чоң сөздүгү; 450 000 сөздөн турган Түрк-орус, орус-түрк сөздүгү; К.Карасаевдин Кыргыз тилинин диалектологиялык сөздүгү; Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгү; К.Карасаевдин Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү; Кыргызча-орусча сөздүк; Кыргызча-орусча тематикалык сөздүк.

Дөйнө элдеринин жомокторунун сериясынын ичинен биринчи болуп чыга турган, кыргыз элинин кылымдардан бери жыйылган акылмандыгын, анын руханий жана адеп-ахлактык баалуулуктарын топтогон кыргыздын жомоктук фольклорунун мыкты үлгүлөрү киргизиле турган “Кыргыз эл жомоктору” аттуу китепти редакциялоо жана компьютердик калыпка салуу иштери жигердүү жүрүп жатат.

Андан тышкары, интеллектуалдык менчикке байланышкан терминдердин экинчи глоссарийин чыгаруу боюнча иш алга жылууда. Азыркы учурда 1000ден ашуун сөздөр которулду жана сунуштардын долбоору Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын кароосуна даярдалууда.
Ошондой эле Мамлекеттик тил боюнча комиссиянын 2011-жылга карата иш-планы даярдалды жана бекитилди, иш-план тиркелет.

Кошумча матариалдарӨлчөмү
ish_plan_2011-zh..doc69 KB