Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын (Кыргызпатент) жыйындар залында “Business Intellect Group”коомдук бирикме тарабынан Кыргызпатент менен биргеликте уюштурулган Орто Азия өлкөлөрүндө интеллектуалдык менчик укуктарын коргоонун ар түрдүү аспектилери боюнча адистештирилген мультисайттык веб-порталдын (www.iplaw-centrasia.org)бет бет ачары болду.
Бул интеллектуалдык менчик (ИМ) маслелери боюнча аймактагы биринчи адистештирилген маалыматтык портал. Ал авторлорго, укук ээлерине, юристтерге, ишкерлерге, чыгармачыл коомдоштуктардын өкүлдөрүнө, студенттерге жана интеллектуалдык менчик маселелерине кызыккандардын бардыгына арналат.
Бет ачарга долбоордун өнөктөштөрү – соода жана бажы реформасындагы либералдаштыруу боюнча USAID регионалдык долбоорунун жетекчиси Таня Даллоне, БСУнын маселелери боюнча долбоордун аймактык юристи, “Интернет саясаттын жарандык демилгеси” коомдук фондунун директору Татту Мамбеталиева, ошондой эле юристтер, патент таануучулар жана ишмердүүлүктөрү интеллектуалдык менчик маселелери менен байланышта болгон коомдук бирикмелердин өкүлдөрү катышты.
Чогулгандарды куттуктоо менен Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын директору Ажибай Калмаматов мындай адистештирилген аймактык веб-ресурстун түзүлүшү – өзгөчө жаштар үчүн ИМ жаатында билимдерди жайылтуу жолундагы маанилүү кадам экендигин белгиледи. Ал жаңы долбоорго жана анын түзүүчүлөрүнө мындан аркы алга жылууда жана өнүгүүдө ийгиликтерди каалоо менен, бул портал аймакта интеллектуалдык менчик системасы кандай өнүгүп жаткандыгы жөнүндө маалыматтардын баалуу булагы болуп калаарына ишенгендигин билдирди.
“ИМ маселелери боюнча белгилүү түйүндүк ресурсту түзүү идеясы кардарлар – бизнес-коомдоштуктардын өкүлдөрү менен иштөө процессинде пайда болду, – деп билдирди “Business Intellect Group” коомдук бирикмесинин директору Айсулуу Суеркулова. – 2005-жылдан бери биз консалтингдик кызмат көрсөтүүлөр менен иш алып барабыз жана ушул мезгил ичинде интеллектуалдык менчик объектилерине өзүлөрүнүн укуктарын коргоо маселелери боюнча келген биздин кардарлар менен бетме-бет келген көпчүлүк учурларда, биз алардын бул маселелерде анчалык сабаттуу эмес экендиктерине ынандык. Биз өнөктөштөрүбүзгө – соода жана бажы реформасындагы либералдаштыруу боюнча USAID регионалдык долбооруна, Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматына, “Интернет саясаттын жарандык демилгеси” коомдук фондусуна жана иште бизге көмөк көрсөткөндөргө ушул идеяны ишке ашыргандыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз”.
«Каликова энд Ассошиэйтс» компаниясынын улуу юристи Айсулуу Чубарова чогулгандарга порталдын кандай иштей тургандыгы, Борбордук Азиянын республикаларынын ар бири үчүн өзүлөрүнүн беттери кайда жайгаштырылгандыгы туурасында көрсөтүп айтып берди. Жаңылыктык тасмадан жана интеллектуалдык менчик жөнүндө жалпы маалыматтан, ошондой эле ИМ объектилерин пайдалануу боюнча практикалык колдонмодон тышкары порталда ИМдин актуалдуу маселелери боюнча материалдар дайыма жарыяланып туруучу “Интеллектуалдык менчик” электрондук журналдын чыгарылыштары жайгаштырылат. Андан тышкары, төмөндөгүдөй кайра артка карай байланыш боюнча механизм караштырылган: интеракивдүү режимде атайын бөлүктө сайттын администраторлоруна ИМдин ар түрдүү аспектилери боюнча суроолорду жөнөтүүгө жана жоопторду алууга болот.
Бет ачардын бардык катышуучулары ИМ маселелери боюнча жаңы портал укуктук маданиятты жогорулатууда, ИМ жаатындагы билимдерди жайылтууда, интеллектуалдык менчик укуктарына карата коомдогу сый мамилени тарбиялоодо таасирдүү курал болуп кала тургандыгын белгилешти.


