Мамлекеттик патенттик-техникалык китепканага Германиядан мезгилдүү басылмалардын жаңы партиясы келип түштү. Бул окурмандардын – борбордогу ЖОЖдордун жана С.Чуйков атындагы республикалык сүрөт окуу жайынын студенттери жана окутуучулары тарабынан дайыма сыралып туруучу архитектура, керамика, сүт өнөр жайы, жаратылыш жана ландшафттар боюнча журналдар.
2004-жылы китепкананын чет элдер адабияттары жана котормолор бөлүмү колдоо иретинде немец басылмаларынан грант алышкан. Үч жыл ичинде бөлүм журналдардын 11 аталышын алган. Окурмандар илимдин, өнөр жайдын, архитектуранын жана дизайндын ар түрдүү тармактарындагы азыркы эң мыкты жетишкедиктер жөнөндө маалымат ала турган бул басылмалар бүгүнү күндө долбоордун мөөнөтү бүткөндүгүнө карабастан Немец техникалык коомунан келип түшүп турат.
Жакында эле Германиянын Элчилигинин маданият боюнча атташеси Симон Райхгрудер китепканага келген. Ал МПТКнын ишмердүүлүгү менен таанышып, китепкананын кызматкерлери жана окурмандары менен баарлашкан соң, Германиянын мезгилдүү басылмаларына суроо-талаптар бар экендигине ынанган. Натыйжада Немец техникалык коому тарабынан өнөктөштүк жардамды улантуу жөнүндө чечим кабыл алынган.

