• English
  • Кыргызча
  • Русский
Массалык маалымат каражаттары жана автордук укуктарды коргоо маселелери боюнча “тегерек стол”
Жарыяланган күнү : 
02/03/2011

Бүгүн, 2-мартта, Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) колдоосу астында КРнын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматы (Кыргызпатент) тарабынан уюштурулган “Автордук укукту, чектеш укуктарды коргоо жана жамааттык башкаруу” аттуу улуттук семинардын алкагында массалык маалымат каражаттары жана автордук укуктарды коргоо маселелери боюнча “тегерек стол” болуп өттү.

Ага автордук укук жана чектеш укуктар жаатындагы адистер жана эксперттер, Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын, ММКнын, өкмөттүк эмес уюмдардын, чыгармачыл союздардын өкүлдөрү катышты.

Россия мамлекеттик интеллектуалдык менчик академиясынын (РМИМА) ректору Иван Близнецтин “Өткөөл экономикалуу өлкөлөрдөгү автордук укуктун типтүү өзгөчөлүктөрү. Өткөөл мезгилдин баяндоосу” аттуу баяндамасы кызуу талаш-тартыштарды жаратты. Ал автордук укуктарды камсыз кылуунун кепилдиги качан гана мамлекеттик башкаруу органдарында жана коомдо автордук укуктарды чыгармачылыкты алга жылдыруунун каражаты катары жетишээрлик терең түшүнгөн учурда иш жүзүндө камсыз болушу мүмкүн экендигин белгиледи. Ошентип, Россияда интеллектуалдык менчик укуктарын бузгандыгы үчүн жаза чараларын катаалдаштыруунун натыйжасында каракчылыктын деңгээлин төмөндөтүүгө жетишүүгө мүмкүн болгон.

Ошону менен катар каракчылык дагы эле коркунучтуу жогору бойдон калууда. Натыйжада, мындай көрүнүш гүлдөп өнүккөн өлкөлөрдөгү ак ниет эмес атаандаштыктын залалдары экономикалык жоготууларды гана эмес, ошондой эле бюджетке салыктын келип түшүшүнүн төмөндөшүнүнө дагы алып келет. Каракчылык маданий бир кылкалыкка тескери таасирин тийгизип, өзү менен башка анчалык байкалбаган коркунучту алып жүрөт, анткени аларды чыгармачылыкка болгон умтулуудан ажыратуу менен, ата мекендик авторлордун абалын начарлатат. Каракчылыкка каршы күрөшүүнүн ыкмаларына келсек, анда баяндамачынын көз карашында экономикалык санкциялар кыйла артыкчылыктуу.

Кыргызпатенттин Инспектордук бөлүмүнүн башчысы Аскарбек Нажимудинов Кыргызстанда автордук укук жана чектеш укуктарды жамааттык башкаруу кандайча жүзөгө ашырыла тургандыгы жөнүндө айтып берди. Атап айтканда, ал бүгүнкү күндө Кыргызпатенттин реестринде 1523 авторлор жана 3803 чыгармалар катталгандыгын белгиледи. 500дөн ашуун авторлор өзүлөрүнүн мүлктүк укуктарын башкарууга өткөрүп берүү жөнүндө Кыргызпатент менен келишим түзүшкөн жана үзгүлтүксүз автордук сый акыларды алып турушат.

Автордук укуктарды жамааттык башкаруудагы тажрыйбалар жана болуп жаткан көйгөйлөр туурасында Интеллектуалдык менчиктин Бүткүл Россиялык уюмунун (ИМБРУ) директорунун орунбасары Эрик Вальдес-Мартинес айтып берди. Ал чектеш укуктардын ээлерин – аткаруучуларды, фонограмма чыгаруучуларды ж.б. коргоо боюнча уюмдун ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берди.

Интернет түйүнүндө автордук укуктарды бузгандыгы үчүн провайдерлердин жоопкерчилиги сыяктуу бүгүнкү күндөгү коом үчүн эң зарыл теманын айланасында өзгөчө курч талаш-тартыштар болду. И.Близнец белгилегендей, бүгүнкү күндө технологиялардын өнүгүүсү ыкчамдашууда жана ченемдик-укуктук жөнгө салуу чөйрөсү бул өзгөрүүлөргө ыңгайлашууга жетишпей барат. Сан ариптик чөйрөдө автордук укуктарды коргоого багытталган эл аралык келишимдер бар. Бирок бул көйгөйдү чечүүнүн даяр рецептери жок жана ар кайсы өлкөдө муну ар кандай чечишет. Бир учурларда контентти мыйзамсыз пайдалангандыгы үчүн пайдалануучур ал, экинчи бир учурларда – атап айтканда европалык өлкөлөрдө – провайдерлер жоопкерчиликке тартылышат.

Баяндамаларды жана талаш-тартыштардын жүрүшүн комментариялоо менен, билим берүү, илим, маданият, маалымат жана дин саясаты боюнча парламенттик комитеттин төрагасынын орунбасары Роза Акназарова төмөндөгүлөрдү белгиледи:”Интеллектуалдык менчикти, атап айтканда – автордук укукту коргоого багытталган мыйзамдардын аткарылышы үчүн саясий эрк гана эмес, бул маселе боюнча коомдо келишүүчүлүк дагы болууга тийиш. Ошондуктан мындай талаш-тартыштардын болуп туруусу абдан маанилүү жана биздин комитет бүгүнкү тематика боюнча парламенттик угууну өткөрүүгө даяр”. Депутат Р. Акназарова муну менен бүтүндөй коомдун кызыкчылыгы жөнүндө унутууга болбостугун белгилеп, автордук укуктарды коргоону камсыз кылууга багытталган мыйзамдык демилгелерди колдоого даяр экендигин билдирди.
Жолугушууну жыйынтыктоо менен КРнын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын диретору Ажибай Калмаматов бардык баяндамачыларга жана катышуучуларга жигердүү жана үзүрлүү иштери үчүн ыраазычылык билдирди жана болуп өткөн талаш-тартыштар Кыргызстанда мындан ары автордук укуктарды коргоо жана чыгармачылыкты өнүктүрүүгө кызмат кылаарына ишене тургандыгын билдирди.

ИМБДУнун Европанын жана Азиянын айрым өлкөлөрү боюнча комитетинин өкүлү Сауле Тлевлесова семинардын жогорку деңгээлде жана мыкты уюштурулгандыгын белгиледи. “Бул жерде ар түрдүү пикирлер, ар кандай жагдайлар айтылды, – деп белгиледи С.Тлевлесова. – Ушул баарлашуунун болгондугу абдан маанилүү, бул жерде кайдыгер адамдар болгон жок, автордук укуктарды коргоо темасы Кыргызстанда чыны менен мамлекеттик органдарды, депутаттарды жана коомдоштуктарды толкундаткандыгы көрүнүп турат”.

“Семинар абдан мазмундуу жана кызыктуу болду, – деп өз таасирлери менен бөлүштү Россия мамлекеттик интеллектуалдык менчик академиясынын (РМИМА) ректору Иван Близнец. – Актуалдуу маселелер козголду, кызуу, мазмундуу талаш-тартыш болду, мындай жолугушуулар коомдо кыйла терең түшүнүүлөргө жана автордук укуктарды ишке ашырууга, ошондой эле аларды коргоого багытталган мыйзам долбоорлорун алга жылдырууга байланышкан маселелердин чечимдерин өз деңгээлинде кабыл алууга өбөлгө түзөт деп ойлойм”.