Бүгүн, 2011-жылдын 1-мартында Ала-Арча Мамлекеттик резиденциясынын Конгресс-холлунда Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) колдоосу астында КРнын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматы (Кыргызпатент) тарабынан уюштурулган “Автордук укукту, чектеш укуктарды коргоо жана жамааттык башкаруу” деген темада улуттук семинар өз ишин баштады. Семинарга Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөт мүчөлөрү, интеллектуалдык менчик жаатындагы эл аралык эксперттер, судьялар, ММКнын жетекчилери, журналисттер, чыгармачыл союздардын өкүлдөрү катышып жатышат.
Семинардын катышуучуларын куттуктоо менен Кыргызпатенттин директору Ажибай Калмаматов Кыргызстанда ушундай деңгээлдеги семинарды өткөрүү фактысынын өзү интеллектуалдык менчикти, атап айтканда автордук укукту жана чектеш укуктарды коргоонун натыйжалуу системасын куруу үчүн биздин өлкөдө көрүлүп жаткан чаралардын эл аралык коомдоштуктар тарабынан таанылуусу жөнүндө күбөлөндүрө тургандыгын белгиледи. Ал семинарды уюштурууга жардам бергендиги үчүн ИМБДУга ыраазычылык билдирди жана катышуучуларга үзүрлүү иштөөнү каалады.
Чогулгандарга куттуктоо сөзү менен Жогорку Кеңештин депутаты, билим берүү, илим, маданият жана дин саясаты боюнча комитеттин өкүлү Каныбек Осмоналиев жана Өкмөттүн Укуктук камсыз кылуу аппаратынын башчысынын орун басары Тимур Шамбетовдор кайрылышты.
ИМБДУнун Европанын жана Азиянын айрым өлкөлөрү боюнча комитетинин өкүлү Сауле Тлевлесова өзүнүн чыгып сүйлөгөн сөзүндө бүгүнкү күндө ар түрдүү өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн деңгээлинде көпчүлүк учурда автордук укуктарды натыйжалуу коргоонун экономикалык маанисине жеткиликтүү баа берилбей жаткандыгын белгиледи. Анын ортосунда АКШ же Австралия сыяктуу өлкөлөрдө автордук укуктун өнүккөн системасы ИДПнын 10 пайызынан көбүрөөк өлчөмдө киреше алып келе тургандыгын жана ушул эле чөйрөдө 4 пайызга жакын жумушчу орундары түзүлө тургандыгын айтып өттү.
Кыргызстан катарына кире турган өткөөл экономикадагы өлкөлөрдө интеллектуалдык эмгек натыйжаларын коргоо системасынын калыптанышына байланыштуу процесстер дайыма эле бир кылка жүрө бербейт, жана бул жерде биз ушул тармакта белгилүү бир тажрыйбасы бар чет элдик кесиптештерден үйрөнө турган нерселер бар. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен автордук жана чектеш укуктарды коргоонун ченемдери кандайча жөнгө салына тургандыгы жөнүндө Кыргызпатенттин ИМ укуктарын жүзөгө ашыруу бөлүмүнүн башчысы Нуржамал Ильясова айтып берди.
Укуктарды кайра чыгаруу боюнча уюмдардын эл аралык федерациясынын (IFRRO) өкүлү Саманта Холлман жана Россия автордук коомунун Эксперттик-аналитикалык департаментинин жетекчиси Игорь Силонов өз тажрыйбаларын чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү, юристтер жана Кыргызстандын ИМ жаатындагы адистери менен бөлүштү. Алар ошондой эле автордук укукту жамааттык башкаруу системасын өркүндөтүү үчүн эл аралык коомдоштуктар тарабынан кабыл алынып жаткан чаралар туурасында айтып беришти.



