2011-жылдын 21-февралында Кыргызпатентке караштуу Интеллектуалдык менчиктин мамлекеттик фондунун имаратында Инновацияларды жана технологияларды колдоо борбору (TISC) тарабынан уюштурулган И.Разаков атындагы КМТУнун профессордук-окутуучу курамы үчүн:”Маалымат базаларын пайдалануу менен медицина жаатында патенттик жана патенттик эмес маалыматты издөө” деген темада тренинг болуп өттү.
Мамлекеттик фонддун директору Зарина Оморова патенттик эмес издөө боюнча баяндама жасады, ал эми Кыргызпатенттин эксперти Светлана Карпушевич ЕАПАТИС маалымат базаларын пайдалануу менен патенттик издөө боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү.
Андан кийин Кыргызпатенттин китепканасына баруу уюштурулду.
Тренингдин катышуучулары мындай иш-чараны өткөргөндүгү үчүн уюштуруучуларга ыраазычылык билдиришти жана изилдөө мүмкүндүгүн жогорулатуу жана колдонмо илимин өнүктүрүү үчүн эл аралык маалыматтык ресурстарга кирүү мүмкүндүгүнүн актуалдуулугун белгилешти.



