Калмаматов Ажибай Айтиевич КРнын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын директору болуп дайындалды
Жарыяланган күнү :
14/02/2011 Бүгүн, 2011-жылдын 14-февралында Өкмөттүн Аппаратынын жетекчисинин орун басары Мурат Мукамбетов Кыргызпатенттин жамаатына жаңы директорду тааныштырды.
Өлкөнүн премьер-министри Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен Калмаматов Ажибай ведомствонун жетекчиси болуп калды.
Ажибай Айтиевич ага көрсөтүлгөн жогорку ишеними үчүн өлкөнүн жетекчилигине ыраазычылык билдирди жана ведомствонун жамаатына кайрылуу менен, биргелешип жана үзүрлүү иштешип кетээрине ишеним бар экендигин белгиледи.
Өкмөт башчысынын дагы бир буйругу менен Зина Исабаева Кыргызпатенттин жетекчисинин кызмат орунунан бошотулду.

