2011-жылдын 3-февралында КРнын Мамлекеттик патенттик-техникалык китепканасына Германиянын Элчилигинин маданият боюнча атташеси господин Симон Райхгрудер келди.
Анын келишинин максаты архитектура, курулуш жана дизайн, азык-түлүк жана сүт өнөр жайы, жаратылыш жана ландшафт, биология жана керамика боюнча немец журналдарынын китепкананын окурмандары тарабынан пайдаланылышы менен таанышуу болду.
2004-жылы китепкананын чет элдик адабияттар жана котормолор бөлүмү немец басылмаларын бөлүмгө колдоо көрсөтүү иретинде грант катары алган. Үч жыл ичинде бөлүм журналдардын 11 аталышын алып, алар студенттер жана ЖОЖдордун мугалимдери жана борборубуздун көркөм сүрөт окуу жайынын студенттери тарабынан жигердүү пайдаланылып келүүдө.
Окурмандар үчүн абдан баалуу болгон бул басылмалар Немец техникалык коомунан долбоордун мөөнөтүнүн бүткөнүнө карабастан ушул кезге чейин келип түшүүдө.
Бүгүн дагы господин Симон Райхгрудер жаңы басылмалардан ала келген. Ал келип түшүп жаткан журналдардан алынган маалыматтарга суроо-талап бар экендигине ынанды жана фондду немец басылмалары менен толуктоого жардам берүүгө убада кылды.


