Бүгүн, 2011-жылдын 3-февралында Кыргызпатентке караштуу Интеллектуалдык менчиктин мамлекеттик фондунун имаратында Инновацияларды жана технологияларды колдоо борбору (TISC) тарабынан уюштурулган Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын профессордук-окутуучулук курамы үчүн “Маалымат базаларын колдонуу менен медицина тармагында патенттик жана патенттик эмес издөө” деген темада тренинг болуп өттү.
Кыргызпатенттин эксперттери Мээрим Торобекова жана Азиза Нургазиева маалымат базаларын пайдалануу менен патенттик издөө боюнча өз тажрыйбалары менен бөлүштү, ИМдин Мамфондунун директору Зарина Оморова керектүү маалыматтарды көрсөтүү аркылуу издөөнүн бардык жол-жоболорун камтуу менен патенттик издөө боюнча баяндама жасады.
Катышуучулар мындай тренингди өткөргөндүгү үчүн уюштуруучуларга ыраазычылык билдиришти жана алардын ишмердиги үчүн алынган маалымат абдан пайдалуу боло тургандыгын белгилешти, алар ошондой эле мурда мындай маалымат базасы менен тааныш болбогондуктарын жана эми алар он лайн режиминде медицина тармагындагы ар кандай илимий-изилдөөлөр жөнүндө биле ала тургандыктарын белгилешти.



