2011-жылдын 15–20-июлунда Дамаск шаарында (Сирия Араб Республикасы) Экономика жана соода министрлигинин, Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун, Араб өлкөлөрүнүн лигасынын жана Сириялык ойлоп табуучулар ассоциациясынын биргелешкен күч-аракети астында ойлоп табуучулар жана инновациялар боюнча Al-Bassel компанияларынын топторунун 15-жармаңкеси болот.
Жаңы ойлоп табуучулар жана новаторлор үчүн павильондор акысыз берилет, андан тышкары, Ислам Өнүктүрүү Банкы жашап туруу жана жол киреси боюнча бир ойлоп табуучунун чыгымдарын өзүнө алат. Дамаск боюнча кыдырып жүрүү үчүн унаа берилет. Көрсөтүлгөн ойлоп табуулар жана инновациялар эл аралык судьялар тарабынан бааланып, мыкты ойлоп табуулар эл аралык сыйлыктар менен сыйланат.
Жармаңкеге катышуу үчүн өтүнмөнү төмөндөгү сайт боюнча берүүгө болот: www.albasselfair.net.
Өтүнмө берүүнүн акыркы мөөнөтү – 2011-жылдын 31-марты.
