• English
  • Кыргызча
  • Русский
«Creative Commons жана Кыргыз Республикасында ССти колдонуунун мүмкүн болуучу жолдору” аттуу темада тегерек стол
Жарыяланган күнү : 
28/01/2011

Бүгүн, 2011-жылдын 28-январында «Park Hotel» жыйындар залында Кыргызпатент тарабынан “Интернет саясаттын жарандык демилгеси” коомдук фонду менен кызматташтыкта уюштурулган «Creative Commons жана Кыргыз Республикасында ССти колдонуунун мүмкүн болуучу жолдору” аттуу темада тегерек стол болду. Тегерек столдо Кыргызстанда, атап айтканда Интернеттин кыргызстандык сегментинде Creative Commons лицензияларын пайдалануунун мүмкүнчүлүктөрү (автордук укуктарды жайылтуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн формасы) талкууланды.

Тегерек столдун ишине Кыргызпатенттин кызматкерлери, автордук жана чектеш укуктарды коргоо жаатындагы эксперттер, ошондой эле Интернет түйүнүн жигердүү колдонуучулар катышты.

Отурумду Кыргызпатенттин директорунун орун басары Данияр Сыдыков ачып, бардыгына үзүрлүү ишти каалады жана бул иш-чаранын актуалдуулугун жана маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле директордун орун басары:”Бүгүнкү күндө жаратылган чыгармаларды жайылтуу жана пайдалануу үчүн Интернет кеңири мүмкүндүктөрдү берип жатат жана ушул иш- чарада талкууланган маселелер коомчулуктун ушул маселеге кызыгуусун жаратат жана Creative Commons лицензиялары Кыргызстанда канчалык колдонулушу мүмкүн экендигин түшүнүүсүнө белгилүү бир башталыш болуп калат” –деп белгиледи.

Ошондой эле чогулгандарга куттуктоо сөзү менен “ИСЖД” КФнын директору Таттуу Мамбеталиева кайрылды. “ИСЖД” КФнын директору өз сөзүндө:“Интернеттин пайда болуусу менен авторлордун жана автордук укук ээлеринин көпчүлүгү аны алардын укуктарын бузуунун куралы катары кабыл алышты жана алар кандайдыр бир деңгээлде туура болуп чыкты. Биз интернетте автордук укуктардын сакталышы үчүн күрөшөбүз, Creative Сommons дүйнөнүн көптөгөн башка өлкөлөрүндө ийгиликтүү ишке ашырылып жатат. Бул тажрыйба лицензиялардын натыйжалуу жана ыңгайлуу экендигин көрсөтүүдө”-деп айтты.

Бүгүнкү күндө Creative Commons лицензиялары дүйнөнүн көпчүлүк өнүккөн өлкөлөрүнүн мыйзамдары аркылуу таанылууда, же аларды ыңгайлаштыруу боюнча иштер жергиликтүү юридикалык системалардын шарттары астында жүргүзүлүүдө.

“Кыргыз Республикасында СС лицензияларын адаптациялоо предметине КРнын мыйзамдарынын талдоосу” деген темага отчету менен «Каликова энд Ассошиэйтс» компаниясынын юристери чыгышты, эксперттер Creative Commons лицензияларын колдонуунун тобокелдигин жана мындай тобокелдиктерди азайтуу боюнча сунуштарды карап чыгышты. Отчет атайын “ИСЖД” КФнын тапшырыгы боюнча даярдалган.

Kyrnet даярдыктарынын деңгээли жана Creative Commonsту колдонуунун жолдору жөнүндө “Интернет-кыймыл” АКнын башчысы Бейшен Даирбеков айтып берди, атап айтканда баяндамачы Creative Commonsту колдонуунун дүйнөлүк тажрыйбасы жөнүндө жана аларды Кыргызстанда колдонуунун актуалдуулугу жөнүндө айтып берди.

Баяндамаларды жана чыгып сүйлөөлөрдү, ошондой эле талкуунун жүрүшүндө келип түшкөн сунуштарды жана эскертүүлөрдү угуп, тегерек столдун катышуучулары Creative Commonsту колдонууга өзүлөрүнүн кызыккандыктарын билдиришти жана ушул маселенин үстүндө иштөөдө бардык кызыкдар болгон тараптардын пикирлерин эске алууну сунуш кылышты.

Маалымкат: Creative Commons – 2001-жылы АКШда уюшулган коммерциялык эмес уюм. Автордук укуктарды кармоочуларга өзүлөрүнүн чыгармаларына карата айрым бир укуктарды (фотосүрөттөр, аудио-жана видеороликтер, программалык камсыз кылуулар ж.б.) ССтин даяр лицензияларынын түркүмдөрүнүн жардамы менен коомчулукка ыйгарып берүүгө мүмкүндүк берүү максатын көздөйт.

Ошентип, Creative Commonsтун максаты – Creative Commonsтун бардык эле лицензиялары эркин болуп эсептелбесе дагы, маалыматтарды эркин жайылтууга өбөлгө түзүү. Википедия ушул лицензияларды пайдалануучу эң көрүнүктүү веб-долбоорлордун бири болуп эсептелет.