30-ноябрдан 1-декабрга чейин Москвада патенттик маалыматка кирүү көйгөйлөрү жана инновацияларды алга жылдыруу максаттарында аны пайдалануунун стратегиялары боюнча Интеллектуалдык менчик, патенттер жана товардык белгилер боюнча федералдык кызмат (Роспатент) жана Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюму (ИМБДУ) биргелешип өткөргөн Аймактар аралык симпозиум болду. Ага башында директор Зина Исабаева турган Кыргызпатенттин делегациясы катышты.
Инновацияларды алга жылдыруу процессине түздөн-төз тартылган чет өлкөлүк 32 патенттик ведомстволордун, жогорку окуу жайлардын жана Россия Федерациясынын уюмдарынын өкүлдөрүн камтуу менен 200гө жакын катышуучу инновацияларды колдоого жана алга жылдырууга жардам көрсөтүү маселелерин талкуулашты. Симпозиумдун катышуучуларына куттуктоо сөздөрү менен Роспатенттин жетекчисинин орун басары О.Стрелков жана ИМБДУнун Генералдык директорунун жардамчысы Йо Такаги кайрылышты.
Жолугушуунун катышуучулары технологияларды жана инновацияларды колдоонун натыйжалуу системасын, ошондой эле интеллектуалдык менчик (ИМ) жаатында биргелешкен түйүндөрдү жана сервиздерди түзүү жана патенттик маалыматтын жардамы менен технологияларды издөөнү уюштуруу маселелерин талкуулашты. Андан тышкары симпозиумдун алкагында төмөндөгү темалар боюнча “тегерек столдор” уюштурулду: “Сапаттуу маалыматтык-технологиялык кызматтарды көрсөтүү”, “Технологиялар жана интеллектуалдык менчик (ИМ) жаатында коомдун маалыматтуулугун жогорулатуу”, “Кызматкерлерди окутуу жана ИМ чөйрөсүндө потенциалды өстүрүү”.
“Тегерек столдун” ишинин жүрүшүндө Кыргызпатенттин директору Зина Исабаева 2011–2015-жылдарда Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын иштеп чыгууга арналган төмөндөгүдөй темадагы бет ачаары менен чыгып сүйлөдү: “Инновацияларды колдоо системасын түзүү. Технологияларды жана инновацияларды колдоо борборлору (TISCs) тарабынан көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугунун мониторинги жана баалоо”. Жолугушуунун катышуучулары андагы коюлган милдеттердин, ошондой эле Стратегияны ишке ашырууга кызыкдар болгон бардык тараптарды, ошондой эле министрликтерди жана ведомстволорду тартууга багытталган системалуу ыкманын актуалдуулугун белгилөө менен, Стратегияны иштеп чыгуу жана алга жылдыруу боюнча ведомствонун күч-аракеттерин жогору баалашты.
“Мурдагы советтик мейкиндикте биринчи болуп Кыргызпатентке караштуу Интеллектуалдык менчиктин мамлекеттик фондусунун базасында түзүлгөн Технологияларды жана инновацияларды колдоо борбору (TISC) жөнүндөгү маалымат Шериктештик өлкөлөрүнөн келген кесиптештерибиздин гана эмес, Чыгыш Европадан келгендердин дагы чоң кызыгуусун жаратты, – деп белгиледи Зина Исабаева. – Бул инновацияларды өздөштүрүүгө карай жолдо алга жылууда биздин өлкө үчүн жакшы мүмкүндүк”.
ИМдин Мамфондунун аткаруучу директору Зарина Оморованын жана Маалыматтык системаларды тейлөө бөлүмүнүн башчысы Камчыбек Сыдыкбековдун айтымында симпозиумдун ишине катышуу инновацияларды алга жылдыруунун алдыңкы тажрыйбасы жөнүндө билүүгө жана колдонулуп жаткан ачык маалымат базалары менен таанышууга гана эмес, ар түрдүү өлкөлөрдүн чоң компанияларынын, патенттик ведомстволорунун өкүлдөрү менен пайдалуу байланыштарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берди. Ушунун бардыгы бизнес өкүлдөрүнүн жана технологиялар менен инновацияларды түзүүчүлөрдүн өз ара аракеттери үчүн натыйжалуу аянт болуп калууга арналган TISCтин мүмкүнчүлүктөрүн максималдуу натыйжалуу пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет.


