• Кыргызча
  • Русский
Авторлор кеңешинин Президиумунун отуруму
Жарыяланган күнү : 
03/12/2010

Бүгүн, 2010-жылдын 3-декабрында Кыргызпатенттин имаратында Авторлор кеңешинин Президиумунун отуруму болду. Отурумдун ишин куттуктоо сөзү менен ведомствонун директору Зина Исабаева ачып, күн тартибин угузду.

Отурумдун күн тартибинде авторлордун чыгармачылыктагы жетишкендиктери үчүн берилүүчү Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) Алтын медалына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндөгү маселе болду. Ачык добуш берүүнүн натыйжасында Кыргыз Республикасынын эл артисти, манасчы Уркаш Мамбеталиевдин талапкерлиги бир добуштан тандалып алынды.

Ылайыктуу таризделгенден кийин Алтын медалга талапкердин документтери ИМБДУга жөнөтүлөт.
Медаль эмдиги жылы 26-апрелде Интеллектуалдык менчиктин эл аралык жана улуттук күнүндө тапшырылат.