• English
  • Кыргызча
  • Русский
Патенттик маалымат жана Технологиялар менен инновацияларды колдоо боюнча борборду ачуу боюнча үч күндүк семинардын ачылышы
Жарыяланган күнү : 
23/11/2010

Бүгүн, 2010-жылдын 23-ноябрында Бишкекте Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын (Кыргызпатент) жана Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) биргелешкен күч-аракеттери менен уюштурулган патенттик маалымат жана Технологиялар менен инновацияларды колдоо боюнча борборду ачуу боюнча үч күндүк семинар ишин баштады.

Семинарды бардык катышуучуларды куттуктап жана үзүрлүү иштөөлөрүн каалоо менен Кыргызпатенттин башчысы Зина Исабаева жана ИМБДУнун инновацияларды жана технологияларды колдоо боюнча бөлүмдүн долбоорунун координатору Зикова Моника ачышты.
Семинар Кыргызпатентке караштуу Интеллектуалдык менчиктин мамлекеттик фондунун базасында түзүлө турган мындай биринчи Борборду ишке киргизүүнүн алкагында өткөрүлүүдө. Бул жөнүндө Макулдашууга 2010-жылдын сентябрында Женевада Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун башчысы Фрэнсис Гарри жана Кыргызпатенттин директору Зина Исабаева кол койгон.

Технологиялар менен инновацияларды колдоо боюнча борбордо илимий коомдоштуктардын өкүлдөрү, ойлоп табуучулар, техникалык ЖОЖдордун студенттери жана бизнес-коомдоштуктардын өкүлдөрү техникалык жана патенттик маалыматтарды издөөдө консультацияларды, жардамдарды жана технологияларды өнүктүрүүгө, инновацияларды алга жылдырууга, интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды башкарууга байланышкан башка кызмат көрсөтүүлөрдү ала алышат. Мындай Борборлорду борбор шаарыбызда, андан кийин аймактарда түзүү ата мекендик окумуштуулардын, ойлоп табуучулардын жана новаторлордун илимий-изилдөөчүлүк иштелмелерин коммерциялаштырууга, жаңы технологияларды өндүрүштө өздөштүрүүгө жана Кыргызстандын экономикасынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн маанилүү түзүп туруучулардын бири болуп эсептелген Кыргызстандагы инновациялар базарын калыптандырууга өбөлгө түзөт.