• Кыргызча
  • Русский
Кыргызпатентте иш кагаздарын жүргүзүүнү мамлекеттик тилге өткөрүү маселесин маалыат технологияларынын жардамы менен чечишет.
Жарыяланган күнү : 
18/11/2010

Кыргызпатенттин 100дөн ашуун компьютерлерине MS Office кеңселик программасы бар Windows операциялык системасына кошумча болуп эсептелүүчү «Тамга-Кит» электрондук программаларынын пакети киргизилүүдө.

«Тамга-Кит» 20дан ашык компоненттерден турат жана өз ичине орфографиялык текшерүүнү, ташымалдарды коюуну жана синонимдер сөздүгүн, ошондой эле бир нече сөздүктөрдү, анын ичинде Константин Юдахиндин Кыргызча-орусча жана Орусча-кыргызча сөздүктөрүн, Терминкомдун терминологиялык сөздүгүн, географиялык аталыштар сөздүгүн, макал-ылакаптардын ж.б. сөздүктөрүн камтыйт.

Ошондой эле өнүмдүн курамына электрондук энциклопедиялар, веб-браузер, Кыргызстандын министрликтеринин, ведомстволорунун жана уюмдарынын кыскартылган аталыштарынын сөздүгү жана Саякбай Каралаевдин варианты боюнча Манас эпосунун текстин камтыган жана башка көптөгөн пайдалуу маалыматтар кирген.

Андан тышкары, Кыргыз Республикасынын Гимнин үйрөнүү үчүн окуу куралы жана кыргыз тилин үйрөнүү боюнча электрондук окуу куралы бар.

«Тамга-Кит» программасынын пакетин өздөштүрүү документ жүгүртүүнү мамлекеттик тилге которуу маселесин тез жана оңой чечүүгө мүмкүндүк берет.