• English
  • Кыргызча
  • Русский
“Кабар” КУМАдагы пресс-конференцияда журналисттерге Кыргызстандагы Интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын долбоору жөнүндө айтып беришти
Жарыяланган күнү : 
17/11/2010

Бүгүн, 2010-жылдын 17-ноябрында “Кабар” маалымат агенттигинде 2015-жылга чейинки мезгилге КРда Интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын даярдоо алкагындагы жумушчу сессиялардын жыйынтыктары боюнча пресс-конференция болду.

Пресс-конференцияга Кыргызпатенттин директору Зина Исабаева, ИМБДУнун (Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун) Европанын жана Азиянын кээ бир өлкөлөрү боюнча бөлүмүнүн директору Михал Свантнер жана ИМБДУнун көз карандысыз кеңешчиси Рон Марчант катышты.

Пресс-конференцияда катышуучулар журналисттерге Интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын үстүндөгү иштердин натыйжалары жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Президентинин администрация жетекчисинин биринчи орун басары Муктар Жумалиев менен болгон жолугушуунун жыйынтыктары туурасында, ошондой эле ИМБДУнун делегациясынын кызыкдар болгон мамлекеттик структуралар менен боло турган жолугушуулары жөнүндө айтып беришти.

Зина Исабаева улуттук стратегиянын долбоору парламенттин жана өкмөттүн кароосуна коюла тургандыгын билдирди. Кыргызпатенттин директору жаңы стратегия жаңы технологияларды ишке ашырууда билимдерге, инвестицияларды демилгелөөгө негизденген экономиканы калыптандырууга жана өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүчү интеллектуалдык жана инновациялык ишмердүүлүк системасын түзүүгө багытталгандыгын белгиледи.

Андан тышкары Зина Исабаева ММК өкүлдөрүнө ИМдин Мамфондунун базасында, бизнестин өкүлдөрүнө, окумуштууларга, изилдөөчүлөргө жана ойлоп табуучуларга патенттер жана жаңы иштелмелер жөнүндө аларды кызыктыруучу маалыматтарды табууга, инновацияларды коммерциялаштыруу жана укуктук коргоо маселелери боюнча кеңештерди алууга мүмкүндүк бере турган Технологиялардын жана инновациялардын борборун ачуу жөнүндө макулдашууга кол коюу туурасында айтып берди.

Журналисттер бул стратегиянын натыйжалуулугу жөнүндөгү, аны ишке ашыруунун механизмдери жана мүмкүн болуучу натыйжалары тууралуу, стратегиянын үстүндө иштөөгө ИМБДУ кандай салым кошкондугу жөнүндөгү маселелерге кызыгышты. Бул суроолорго Кыргызпатенттин директору Зина Исабаева, ИМБДУнун аймактык бөлүмүнүн жетекчиси Михал Свантнер жана ИМБДУнун көз карандысыз эксперти Улуу Британиялык Рон Марчант жооп беришти.