2010-жылдын 7-ноябрынан бери Кыргызпатентте ИМБДУнун (Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун) көз карандысыз эксперти Рон Марчанттын катышуусу менен Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын долбоорун талкуулоонун алкагында жумушчу сессиялар өтүп жатат.
Тыныгуу учурунда биз Рон Марчанттан ушул жолугушуулар боюнча алган алгачкы таасирлери жана баяндамалары менен бөлүшүүсүн сурандык.
- Мистер Рон, Кыргызпатент тарабынан жасалган иштердин алгачкы натыйжаларын сиз кандайча баалайсыз?
- Улуттук стратегиянын үстүндө иштөөгө киришүүдөгү Кыргызпатенттин командасынын кайраткерлиги жана жоопкерчилиги мени таасирлентти. Мен билем, бул оор милдет, анткени Улуу Британиянын патенттик ведомствосунда иштөө менен мен мындайды башымдан өткөргөм. Кыргызпатент стратегиянын үстүндө иштөөсүн эң мыкты баштап жатат, жумушчу топтун мүчөлөрү эң эле татаал суроолорду беришүүдө жана менин берген жоопторум Кыргызпатенттин командасына жардам берет деген үмүттөмүн. Өз кезегинде мен жана ИМБДУ дагы силерге жардам берүү үчүн бардыгын жасайбыз.
Белгилүү болгондой, ийгиликтүү бизнес инновацияларга көз каранды жана азыр стратегиянын үстүндө иштөө менен Кыргызпатент жасап жаткан нерсе – бул бизнес менен инновациялардын гүлдөп өнүгүүсү үчүн интеллектуалдык менчик системасынын ийгиликтүү иштешине шарттарды түзүү. Ал эми алар менен бирдикте Кыргызстандын бүтүндөй экономикасы алга карай жылмакчы.
- Көрсөтүлгөн долбоорлордун кайсылары Сизге таасир калтырчудай сезилүүдө?
- Бул суроого жооп берүү кыйын. Менин оюмча чакан ишканаларды өнүктүрүүөгө өбөлгө түзө турган долбоорлор таасир калтырат, анткени, аларды ишке ашыруу үчүн зор көлөмдөгү иштерди жасоого туура келет. Ошондой эле контрафактылуулук менен күрөшүүгө байланышкан долбоорлор дагы коом үчүн өтө маанилүү. Кандайдыр бир долбоорду тандап алып мына ушул эң мыкты деп айтууга мүмкүн эмес, алар жыйындысында бүтүндөй стратегияны көрсөтүп тура турган бирдиктүү пакетти түзөт. Кыргызпатентти жаңылаштыруу боюнча долбоорду өзүнчө бөлүп белгилегим келет. Ал ар түрдүү багыттардагы абдан маанилүү өзгөрүүлөрдү алып келет, анткени, эгерде уюм бул өлкөгө кызмат көрсөтүүнүн жаңы түрлөрүн алып келгени жатса, анда бүтүндөй уюм өзү дагы ошондой эле өзгөрүүлөргө келүүсү абзел.
- Сизге дагы өзүңүздүн өлкөңүздө интеллектуалдык менчикти өнүктүрүү стратегиясынын үстүндө иштөөнүн бардык этаптары аркылуу өтүүгө туура келген эле, стратегиянын үстүндө иштөө үчүн натыйжалуу жана жигердүү команданы түзүүдөгү өз тажрыйбаларыңыз жөнүндө айтып бересизби?.
- Бул уюмдун жетекчилиги бардык башталыштарга байланышкан өзгөрүүлөрдү ал колдоп турууга милдеттүү экендигин даана түшүнүүсү абдан маанилүү. Ошондой эле бул команданын биримдикте болуусуна жетекчилик жардам берүүсү керек. Команда деген – бул кайсы бир адамдардын чогулушу эмес, топтун бирдиктүү болуусу үчүн күч-аракеттерди жумшоо зарыл.
Команданы бириктирүү үчүн мен эң ар түрдүү амалдарга барчумун, тагыраак айтканда ыкмаларды колдончумун. Мисалы, алар бири-бири менен жакындан таанышып алуусу үчүн, бир күнгө жаратылышка алып чыгаар элем. Уюмда алар кесиптештей болушканы менен, иш жүзүндө анчалык деле ынтымактуу эмес го. Мисалы, биздин уюм жетишээрлик чоң болчу жана көпчүлүк учурларда кээ бир менин кесиптештерим балким жолугушуп деле көрүшпөсө керек. Мен муну айткым келет: адамдар достошуп жана ынтымакта болгону жакшы, чыңалууну алып таштап, жазылуу керек. Кызматкерлер жаңы сөздөрдү айтуудан, жаңы идеяларды билдирүүдөн жалтанбагандай атмосфераны түзүү керек. Бул идеялар ылайыктуу атмосферада, качан гана адамдар бактылуу болгон учурда гана жаралат.
Ал эми сынды болсо, адамды опузалабай жай айтуу зарыл. Мисалы, эгерде кимдир бирөө сиз макул болбогон бир нерсени айтса, түз эле: “Ах, сен кандай келесоосуң!” дегендей жооп берүүгө болбойт.
Иш жүзүндө команданын ийгилиги үчүн кайсы бир тармактагы билимдердин бардыгы канчалык экендиги, аны алар кандайча көрсөтө алышаары жана кандайча өз-ара аракетте болоору деле анчалык маанилүү эмес. Андан даа маанилүүрөөгү – улуулар аларга жакпаган нерсени айтып калса дагы угуп коюулары. Ошентип, жаштар өз пикирин айтуудан тартынбоого тийиш, ал эми улуулар болсо бул пикирди угуп коюулары керек.
Мен силердин команда өнүгүү жолунда дал ошол – уюмда тең укуктуулук жана биримдик өкүм сүрүп турган тарапта баратат деп ойлойм.
- Стратегиянын үстүндө иштөө али аяктай элек, мындан аркы этаптар тууралуу айтып бересизби?
- Мен ушул жумада биз ишибизди бүтүрүп калсак, анда келерки жуманын башында биз өлкөнүн жетекчилигине көрсөтө турган документти биргелешип даярдай алабыз деп үмүттөнөм жана ишенем. Бул документте биз анын бизди колдоосу үчүн эмне зарыл экендигин жетишээрлик түрдө баяндап жазып беребиз жана ал биз күткөн колдоону көрсөтөт деп үмүттөнөм.
Биз стратегиянын жалпы долбоорун түзөбүз, бирок андан кийин Кыргызпатентке ар түрдүү майда-бараттарын жеткилеңдетүү боюнча дагы чоң көлөмдөгү иштерди жасоого туура келет, ал эми бул жуманын аягына болсо, биз мындан аркы иштердин негизги багыттарын гана белгилейбиз. Өлкөнүн жогорку жетекчилигинин колдоосун албай туруп, биз мазмунун баштабай турабыз деп ойлойм, анткени азыр улуттук стратегиянын үстүндө иш жүрүп жатпайбы. Ушундай, бизге колдоо көрсөтүлө тургандыгын билгенден кийин гана кандайдыр бир конкреттүү кадамдарга бара алабыз.
Бирок, кандай болбосун, иштелип бүткөн идеяларды жана долбоорлорду, ал тургай “жогоруда” кабыл алынбай кала тургандарын дагы биз “таштандыга” ыргытпайбыз, биз аларды азырынча сактап коебуз.
Баарлашкандыгыңызга ыракмат!
P.S.Интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу сессиялар жана консультациялар 18-ноябрга чейин болот, андан кийин даярдалган документ андан ары карап чыгуу үчүн өкмөткө көрсөтүлөт.

