Кыргызпатент мамлекеттик ведомстволордун ичинен биринчилерден болуп кыргыз тилин толук колдоо үчүн MS Office кеңселик программасы бар Windows операциялык системасына кошумча болуп эсептелген «Тамга-Кит» электрондук программасынын пакетин легалдуу пайдалана баштайт. Программалык өнүм бардык кеңселик колдонууларда кыргыз тилиндеги тексттер менен ыңгайлуу жана көйгөйсүз иштөөгө мүмкүндүк берет.
Муну иштеп чыккан Кувейт университетинин профессору Эмиль Асанов түшүндүргөндөй, «Тамга-Кит» орфографиялык текшерүүдөн, ташымалдарды коюудан жана синоним сөздүгүнөн, ошондой эле бир нече сөздүктөрдөн, анын ичинде Константин Юдахиндин Кыргызча-орусча жана Орусча-кыргызча сөздүктөрүнөн, Терминкомдун терминологиялык сөздүгүнөн, географиялык аталыштар сөздүгүнөн, макал-ылакаптардын ж.б. сөздүктөрүнөн тышкары 20дан ашык компоненттерден турат. Өнүмдүн курамына ошондой эле электрондук энциклопедиялар, веб-браузер, Кыргызстандын министрликтеринин, ведомстволорунун жана уюмдарынын кыскартылган аталыштарынын сөздүгү жана Саякбай Каралаевдин варианты боюнча Манас эпосунун текстин камтыган жана башка көптөгөн пайдалуу маалыматтар киргизилген.
Андан тышкары, Кыргыз Республикасынын Гимнин үйрөнүү үчүн окуу куралы жана кыргыз тилин үйрөнүү боюнча электрондук окуу куралы бар.
Эмил Асанов өзүнүн кесиптештери менен бирге кыргыз тилин компьютерлештирүү маселелери боюнча өткөн кылымдын токсонунчу жылдарында эле иштей баштаган. Он беш жыл ичинде «Тамга-Кит» жалпы глобалдаштыруу доорунда кыргыз тилинин мүмкүнчүлүктөрүн бир кыйла кеңейтти. Мисалы, орфографияны текшерүү, орусча-кыргызча сүйлөшүү сөздүгү сыяктуу өнүмдөрдүн негизги компоненттери кирген мобилдик версия иштелип чыкты. Орус тилинен кыргыз тилине тексттердин маанисин толук камтыган котормолорунун автоматташтырылган системасы пайда болоор күн да алыс эмес.
Эмил Асановдун жана анын пикирлештеринин айтымында мекемелерде жана уюмдарда «Тамга-Кит» программасынын пакетин өздөштүрүү документ жүгүртүүнү мамлекеттик тилге которуу маселесин тез жана оңой чечүүгө мүмкүндүк берет. Муну менен, бүгүнкү күндө ушунчалык талап кылынган бул өнүм кандайдыр бир мамлекеттик колдоосуз, иштеп чыгуучулардын кайрат-жигери менен гана түзүлгөндүгү белгиленет. Муну менен иштеп чыгуучулар белгилегендей, бул өнүм Кыргызстанда гана эмес, бүтүндөй түрк тилдүү дүйнөдө дагы сейрек учуроочу болуп эсептелет. Ал эми «Тамга-Киттин» түзүүчүсү “Кыргыз тили” төш белгиси менен сыйланган жана Миансаров атындагы жыл сайынкы гезиттик сыйлыктын ээси болуп эсептелет.
Ушул кезде «Тамга-Кит» Кыргызпатенттин бир нече компьютерлерине коюлган жана тестирлөө режиминде пайдаланылууда. Жакын арада аны пайдаланууну кеңейтүү пландаштырылууда.

