• English
  • Кыргызча
  • Русский
Минскиде ИМ жаатындагы укук бузууларга каршы аракеттенүү маселелерин талкуулашты
Жарыяланган күнү : 
28/10/2010

2010-жылы 21–22-октябрда Беларусиянын борбору Минскиде 2020-жылга чейинки мезгилге КМШнын катышуучу-мамлекеттеринин экономикалык өнүктүрүү Стратегиясын ишке ашыруунун этаптарын коштоп жүрүү боюнча интеллектуалдык менчик жаатындагы укук бузууларга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү иш-чаралардын Тизмесинин долбоорун макулдашуу боюнча эксперттик топтун отуруму болуп, бул форумда Кыргызпатентти Интеллектуалдык менчик укуктарын жүзөгө ашыруу бөлүмүнүн башчысы Нуржамал Ильясова көрсөттү.

Эксперттик топтун ишине Азербайжан Республикасынын, Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казак Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажик Республикасынын, Украинанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана эксперттери, Чек ара аскерлеринин команда берүүчү кеңешинин, КМШнын катышуучу-мамлекеттеринин коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин, КМШнын катышуучу-мамлекеттеринин бажы кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин укук коргоо бөлүмдөрүнүн башчыларынын комитетинин, ошондой эле КМШнын Аткаруу комитетинин өкүлдөрү катышышты.

Эксперттик отурумдун катышуучулары Беларусь Республикасы, Кыргыз Республикасы жана Украина тарабынан көрсөтүлгөн КМШнын катышуучу мамлекеттеринин эскертүүлөрүн жана сунуштарын эске алуу менен, 2020-жылга чейинки мезгилге КМШнын катышуучу-мамлекеттеринин экономикалык өнүктүрүүнүн стратегиясын ишке ашыруунун алкагында интеллектуалдык менчик жаатындагы укук бузууларга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү иш-чаралардын Тизмесинин долбоорун макулдашты.

Мурда Кыргызпатент тарабынан жыйынтыктоочу документке негизинен киргизилген иш-чаралардын Тизмесинин долбоору боюнча сунуштар берилгендигин белгилөө зарыл.
Жыйынтыгында эксперттик отурумдун катышуучулары КМШнын Аткаруу комитетине, белгиленген тартипте, 2020-жылга чейинки мезгилге КМШнын катышуучу-мамлекеттеринин экономикалык өнүктүрүү Стратегиясын ишке ашыруунун этаптарын коштоп жүрүү боюнча интеллектуалдык менчик жаатындагы укук бузууларга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү иш-чаралардын Тизмесинин долбоорун КМШ Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги отурумунун кароосуна киргизүүнү сунуштоону чечишти.