21–27-сентябрда Бишкекте Маданияттар диалогунун жыл сайынкы бешинчи эл аралык «Оймо-2010» фестивалы болуп өттү. Аны уюштуруучулар катарында Кол өнөрчүлүктү колдоо боюнча ресурстук борбор «CACSARC-kg», КРнын Маданият министрлиги, “Маданият жана искусство боюнча Борбордук Азия түйүнү” коомдук бирикмеси, Кыргызстан элдеринин ассамблеясы чыгышты. Фестивалдын конокторунун арасында Кыргызпатенттин өкүлдөрү: Селекциялык жетишкендиктер жана салттуу билимдер секторунун башчысы Токтогул Азыков жана эксперт Динара Оморбековалар дагы болушту.
Фестиваль салттуу түрдө Борбордук Азия аймагында жашаган элдердин маданияттарынын бардык ар түрдүүлүктөрү менен таанышууга сейрек учуроочу мүмкүндүк берүү менен, бишкектиктердин жана борбордун конокторунун көңүлүн бурду. Бул жолу дагы Кыргызстандын, Азербайжандын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Россиянын элдеринин салттуу көркөм өнөрүн көрсөткөн маданият ишмерлери, өздүк көркөм чыгармачылык жамааттары, кол өнөрчүлөр катышышты.
“Биз үчүн кыргыз элинин салттуу билимдерин –маданий мурастарын алып жүрүүчүлөр болуп эсептелген кыргыз кол өнөрчүлөрүнүн иштеринин көргөзмөсү өзгөчө кызыгууну жаратты, – дейт Токтогул Азыков. – Бул жерде дагы Кыргызстандын Алай районунан келген уздардын боз үй жасалгалары жана салттуу буюмдары өзгөчө өзүнө тартып турду. Бардык ушул кенчтерди дыкаттык менен изилдеп, коргоого алуу керек. Бул үчүн Кыргызпатентте азыр салттуу билимдер боюнча маалымат базаларын түзүү жана аларды келечек муундарга сактоо үчүн жана укуксуз пайдалануудан коргоо үчүн ушул базага киргизүү боюнча иштер жүрүп жатат”.
Фото сүрөт stylish.kg интернет-ресурстан алынды.



