• Кыргызча
  • Русский
23-сентябрь – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү
Жарыяланган күнү : 
23/09/2010

Кыргыз Республикасы 1991-жылы эгемендик алып, дүйнөлүк бардык мамлекеттер сыяктуу эле, өзүнүн улуттук өзгөчөлүктөрүнө (гимн, герб, туу) ээ болуп, кыргыз тили – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили катары расмий түрдө кабыл алынганы баарыбызга маалым.

Мамлекеттик тилдин конституциялык макамын чыңдоо, анын социалдык, коомдук маанисин жогорулатуу, кыргыз элинин руханий дөөлөттөрүн жана маданий-тарыхый салттарын кеңири жайылтуу максатында, өткөн 2009-жылы 23-сентябрь – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү катары Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен жарыяланды.

Урматтуу кесиптештер, сиздерди мекеменин администрациясынын, жеке өзүмдүн жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын Мамлекеттик тил комиссиясынын атынан чын жүрөктөн 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнү менен куттуктайм.
Сиздерге ар бирибиздин атуулдук ат көтөргүс милдеттерибиз болуп саналган, Кыргыз Республикасын укуктук мамлекет катары калыптандыруу, анын эртеңки келечегин камсыз кылуу, анын ичинде кыргыз тилин сактап, өнүктүрүп, турмуштук жашоо шартыбызда гана колдонбостон, күндөлүк иштерибизде да кеңири пайдаланып, кийинки муундарга өткөрүп берүүдө ар бириңиздердин жеке салымыңыздарды кошоруңуздарга терең ишенем!

Кыргыз эли байыртан жашап келаткан түптүү, өзүнүн калыптанып калган тили, кылым карыткан бай тарыхы бар улуу эл экенин унутпай, ата-журтубузга, калайык-калкыбызга, кыргыз тилибизге ак кызмат өтөй беришиңиздерге тилектешмин!

Данияр Сыдыков,
Кыргыз Республикасынын
Мамлекеттик интеллектуалдык менчик
кызматынын директорунун орунбасары,
Мамлекеттик тил
комиссиясынын төрагасы.